Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Кош бойлуу аялдарды чек арага "айдактаган" Лукашенко


Беларус-Польша чек арасында отко жылынып отурган кош бойлуу мигрант аял. 11-ноябрь, 2021-жыл.
Беларус-Польша чек арасында отко жылынып отурган кош бойлуу мигрант аял. 11-ноябрь, 2021-жыл.

Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий НАТОго кайрылып, Беларус менен чек арадагы миграциялык кризисти чечүү үчүн батыл чара көрүүгө чакырды. Польшанын полициясы билдиргендей, ушул тапта Беларус тарапта турган мигранттар чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатышат. Евробиримдик 15-ноябрда мигранттарды айдактаганы үчүн Беларуска санкция киргизиши ыктымал.

Саналуу күндөрдөн кийин көз жарайын деп турган 26 жаштагы Умм Малак үч кенедей кызы менен Польша менен Беларус чектешкен аймактагы токойдо чатырда бир нече апта жашаган. Ал эптеп чек арадан өтүп, андан ары Германияга жетүү үчүн ушул жакка келгенин айтып берди.

"Мени балдарымдын келечеги эле ойлонтот. Анткени, Иракта өзүмдүн да, балдарымдын да келечегин көрө албайм. Эптеп ушулардын жакшы жашоосун камсыздап берсем деп ниеттенем", - деди Умм Малак.

Ал буга чейин алты ирет Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылган. Бир жолу чек арадагы көлмөгө түшүп калып, араң чыккан. Акыры аны польшалык чек арачылар кармап, Белосток деген шаардагы мигранттар үчүн борборго жиберген. Ал жактагы бозгундардын айрымдары бул сапарга чыкканына өкүнүп, жакындарына келбегиле деп кеңеш беришет.

Польша бийлиги НАТОго кайрылды

Ал арада Беларустун аймагындагы миңден ашуун мигрант Польшанын аймагына өтүүгө аракет кылды. Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий НАТОго кайрылып, Беларус менен чек арадагы миграциялык кризисти чечүү үчүн батыл чара көрүүгө чакырды.

"Жөн гана тынчсыздануу билдирип койгон жетишсиз. Бизге эми так кадамдар жана альянстын жалпы кызыкчылыгы керек",-деди Моравецки мамлекеттик PAP маалымат агенттигине 14-ноябрда берген интервьюсунда.

Ал ошондой эле, мигранттардын жоон тобу күч менен чек арадан өтүүгө аракет кылары күтүлүп жатканын эскертти. Бир күн мурда Беларус тараптан 200дөй адам Евробиримдикке мүчө мамлекетке киргенге аракет кылды.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, мигранттар 223 жолу чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Алар Польшанын чек арачыларын көздөй таш ыргытып, чабуул жасаган. Старжина деген айылдын жанында болгон окуяда элүүдөй мигрант күч менен чек ара тосмосун бузуп өткөн. Полициянын маалыматына ылайык, Ирактын 22 жараны кармалды.

Польша бийлиги ошондой эле мигранттарды мыйзамсыз алып өтүүгө шектүү адамдарды да кармап жатат. 13-ноябрда буга байланыштуу Грузиянын эки жараны, бир польшалык, бир сириялык кармалган.

Ошол эле маалда Польша бийлиги мигранттардын арасында тараган ушак-айыңды жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Мигранттардын арасында "Германиядан автобустар келип, аларды алып кетет экен. Польша аларды коё берет имиш" деген сөздөр тараган.

"Бул калп! Польшанын чек арасы катуу кайтарылат жана кайтарылууда",-деп жазды "Твиттерге" ички иштер министри Мариуш Камински.

Ал арада Минскинин өзүн мигранттар каптады.

Беларуска санкциялар салынат

Евробиримдик мигранттарды өз мекенинен алып келип, шаркетти көздөй айдактаганы үчүн Александр Лукашенкону күнөөлөп жатат. Шаркет лидерлери Лукашенко муну менен алардын "өч алып жатат" деген пикирде. Анткени, буга чейин Евробиримдик Минскиге 2020-жылкы талаштуу шайлоонун жыйынтыгынан кийин бир катар санкцияларды киргизген.

Орусиянын колдоосуна ээ Лукашенко бул дооматтарды четке кагып, мигранттарды кабыл албай жатканы үчүн Евробиримдикти айыптоодо.

Польша жана башка мамлекеттер Минскиге чек арадагы кризисти пайда кылууга жардам берип жатканы үчүн Орусияны да айыпташууда. Кремл мындай дооматтарды мойнуна алган жок.

Польша өз чек арасына кошумча 15 миң аскер тартты.

15-ноябрда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Брюсселде жыйынга чогулуп, Минскиге санкциялардын бешинчи айлампасын киргизиши мүмкүн. Бул жолу Минскиге мигранттарды ташыганы үчүн "Белавиа" мамлекеттик авиакомпаниясына да санкция салынышы мүмкүн.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел француз гезити менен курган маегинде, мигранттарды Беларуска алып келүүгө катыштыгы бар бардык агенттиктерге санкциялар салынышы ыктымал экенин айтты.

Соңку бир нече айдан бери Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадан келген мигранттар Беларус аркылуу Польша, Латвия жана Литванын аймагына өткөнгө далалаттанып келишет.

XS
SM
MD
LG