Орусия менен Беларустун ортосунда Союздук мамлекет түзүүнүн жол картасы боюнча "интеграциялык декретке" кол коюлду.
Эки өлкөнүн лидерлери - Владимир Путин менен Александр Лукашенко экономикалык жакындашууга багытталган 28 программаны кабыл алып, бирдиктүү аскердик доктринаны бекитти.
Аралыктан кол коюлган союздук декрет
Орусия менен Беларустун союздук мамлекетинин экономикалык интеграциясы жана бирдиктүү аскердик доктринасы боюнча документтер 4-ноябрда – Орусиянын элдик биримдик майрамында бекитилди. Ага Путин аннексияланган Крымда, ал эми Лукашенко Минскиде туруп, онлайн режимде, аралыктан кол коюшту.
Экономика боюнча 28 программа салык алуу, бажы тариздөө, банк иши, өнөр жай, айыл чарбасы жана энергетика тармагындагы жалпы саясатты камтыйт. Владимир Путин алардын арасынан бирдиктүү аскердик доктринанын маанисин баса белгиледи:
"Биздин тышкы чек араларыбызда туруктуулуктун жана коопсуздуктун атмосферасын түзүү өзгөчө мааниге ээ. Биздин ички иштерге кийлигишүүдөгү ар кандай аракеттерге чогуу-чаран каршы турууга даярбыз. Орусия, албетте, бир тууган беларус элине жардам көрсөтүүнү улантат. Мында эч кандай күмөн саноо болушу мүмкүн эмес", - деди Путин.
Бул жолу да эки өлкөнүн ортосундагы башкарууну бириктире турган саясий интеграция жана мамлекеттин суверендүүлүгүн аныктоочу бирдиктүү акча бирдиги тууралуу сөз болгон жок.
Эгемендикке коркунуч жараткан союз
Буга чейин тараптар бирдиктүү акча киргизүү маселесин талкуулап жатканы кабарланган. Бирок беларус оппозициясы бул эгемендикке түздөн-түз коркунуч жаратарын айтып, мамлекеттин суверенитетин коргоо үчүн көчө жүрүштөрү болорун эскерткен.
Москва менен Минск 1999-жылдан бери союздук мамлекет түзүү келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул долбоор эки өлкөнүн экономикасын, аскердик жана саясий түзүмдөрүн бириктирүүдөгү эң ири кадам катары бааланган. Анткен менен бул жараян мурдагы СССРдей Орусиянын империялык мүдөөсүн канааттандырып, Беларусту мамлекет катары "жутуп алып" анын эгемендигине коркунуч туудура турганы да белгиленген. Бирок бул жолу Лукашенко мамлекеттин коопсуздугу үчүн аталган союздун мааниси терең экенин белгиледи:
"Биздин коргонуу чөйрөсүндөгү тыгыз кызматташтыкты белгилебей койгонго болбойт. Соңку окуялар көргөзгөндөй, Союздук мамлекеттин чөлкөмдүк аскердик түзүмдөрү биздин эки мамлекеттин эле эмес, бардык постсоветтик мейкиндиктин коопсуздугу үчүн да ишенимдүү калкан болот. Орусиянын президенти экөөбүз болочокто биздин бул түзүмдү күчтөндүрүү ниетибизди жашырбайбыз", - деди Александр Лукашенко.
Бирок буга чейин Лукашенко көп жылдардан бери бул интеграциялык келишимдин шарттарын карап, бекитүүгө каршы туруп келген.
Газ менен мунайды соодалашуу
Соңку мезгилде Лукашенконун Батыш менен мамилеси бузулуп, ал жана анын жакындары санкцияга илинген. Минск эл аралык изоляцияга дуушар болгондо Путиндин сунуштарын кабыл алууга аргасыз болгону айтылып келет. Ошол эле кезде Минск Орусия менен бир союздук мамлекетке биригүү үчүн мунайды өз наркы менен алуу жана газдын баасын арзандатуу сыяктуу шарттарды коюп келди.
Президент Владимир Путин жол картасын иштеп чыгууда Минск мунай, газ боюнча бир топ жеңилдиктерди алганын жашырган жок:
"Азыр эл аралык мунай, газ рыногунда эмне болуп жатканын билесиздер. Бүгүн Беларус Орусиядан газды Европага караганда 7-8 эсе, ал эми кээ бир учурларда керек болсо 9-10 эсе арзан алып жатат. "Газпромдун" биздин керектөөчүлөргө узак мөөнөттүк контрактары боюнча алганда да, бул баалар 3-4 эсе арзан", - деди президент Владимир Путин.
Интеграция боюнча сүйлөшүүлөр былтыр Лукашенко президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын күч менен баскандан кийин жыйынтыктоочу баскычка өткөн.
Бирок беларус оппозициясы Лукашенко Москванын колдоосун алуу үчүн өлкөнүн суверенитетинен баш тартышы мүмкүн деп тынчсызданып келишкен.