Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Акыйкатчы тергөө абагындагы келиндин абалына байланыштуу сотко кайрылды


Гүлмира Асанбекова кармалганга чейин "Азаттыкка" кайрылган. 1-октябрь, 2021-жыл.
Гүлмира Асанбекова кармалганга чейин "Азаттыкка" кайрылган. 1-октябрь, 2021-жыл.

Акыйкатчы институту "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мурдагы кызматкери, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Гүлмира Асанбекованын абалына байланыштуу сотко кайрылды.

Омбудсмендин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча шектелген келин кармалган учурда кош бойлуу экени, түйүлдүктүн абалы кооптуу болгону тууралуу дарыгердин корутундусу бар. Мындан тышкары анын 9 жаштагы кызы жана күйөөсү жүрөк оорулуу экенин тастыктаган маалымдама да берилгени менен, Асанбекова тергөө абагына киргизилген. Бул тууралуу кабарлаган Акыйкатчы институту келин тергөө абагында жатып, курсагындагы баласынан айрылып калганын белгилөөдө.

"Аны 14-октябрда кайрадан ультра иликтөөдөн өткөрүү учурунда келиндин курсагындагы түйүлдүк өспөй калганы аныкталган. Буга байланыштуу ага аборт жасалып, 14-20-октябрь күндөрү Бишкектеги №3 төрөт үйүндө жатты",- деп жазылган маалыматта.

Акыйкатчы институту келиндин бөгөт чарасын кароо өтүнүчү менен Свердлов райондук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Ошондой эле курсагындагы баласын жоготуп, стрессте жүргөнү үчүн толук медициналык кароодон өткөрүүнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан сурады.

32 жаштагы Гүлмира Асанбекова “Кыргызстан коммерциялык банкынан" жоголгон 47 млн. сом боюнча кармалып, камалган. Ал банк жетекчилеринин басымы менен жоголгон ири каражатка жоопкер болуп калганын айтып, укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылган.

“Кыргызстан коммерциялык банкы" Асанбекованын айыптоолорун четке кагып, эч кандай басым болбогонун, "банкка экономикалык зыян келтирген мурунку кызматкери менен соттошорун" билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG