Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:11

Токио-2020: Шаршенбеков чейрек финалды молдовалык балбанга утулуп калды


Жоламан Шаршенбеков күрөшүүдө. 2018
Жоламан Шаршенбеков күрөшүүдө. 2018

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча Токио Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда атаандашы молдовалык Виктор Чобануга 9-0 эсебинде утулуп калды.

Алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду эки мүнөттө 8-0 эсеби менен жеңген.

Шаршенбековдун салмагындагы күрөш менен катар кыздар арасында 76 кг салмакта күрөш өтүүдө. Анда кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты. Медет кызы алгачкы күрөшүндө казакстандык Элмира Сыздыкованы 6-1 эсебинде жеңген, чейрек финалда Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.

Ушул эле күнү эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта күрөшүп жаткан Айпери Медет кызы алгачкы күрөшүндө атаандашы казакстандык балданды 6-1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты. Эмки айлампада орусиялык Олимпиада чемпиону Наталья Воробьева менен күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

XS
SM
MD
LG