Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Токио-2020: Медет кызы жарым финалга чыкты


Айпери Медет кызы күрөшүүдө. Архив
Айпери Медет кызы күрөшүүдө. Архив

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен жеңип мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.

Медет кызы алгач чейрек финалга чейин казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңген. Алдыда жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделайн Мариа Грей менен беттешет.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

XS
SM
MD
LG