Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бабановдун бошоп чыгышы, "Кумтөр ишинин" саясий өңүтү


Өмүрбек Бабанов 2021-жылдын май айында камалган.
Өмүрбек Бабанов 2021-жылдын май айында камалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кумтөргө" байланыштуу камалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди.

Ушул эле күнү, 27-июлда аталган алтын кендеги корруциядан улам камалган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тергөө абагындагы мөөнөтү узарды. Мындан улам "Кумтөр ишинин" айланасында "саясий соодалашуу" тууралуу сөздөр дагы кызыды.

Улуттук коопсуздук кызматы Өмүрбек Бабановдун саламаттыгы кескин начарлап кеткендиктен сот анын бөгөт чарасын өзгөрткөнүн билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта саясатчы четте дарыланууга муктаж экени айтылат.

"Бабановду камакта кармоо мөөнөтүн узартууну кароодо, анын ден соолугунун начарлап кеткенин жана республикадан тышкары жактан медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экенин көрсөткөн медициналык документтер алынды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ал камактан бошотулду", - деп жазылган маалыматта.

Анткен менен Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов "Азаттыкка" жергиликтүү дарыгерлер саясатчынын дартын аныктай албай жатканын, мындан улам чет мамлекетке барарын айтты.

"Бабанов азыр чет өлкөгө кете элек. Башка жакта дарыланууга даярданууда. Азыр дарыгерлер ага диагноз кое албай жатат. Ошондуктан чет өлкөгө барып диагнозун аныктатып келет. Камакта отурганда билесиз да, ал жактан ооруп, четте диагностикадан өтүп келгени жатат. Керек болсо ошол жактан дарыланат, эгер кереги жок болсо кайра кайтып келип, бул жакта дарыланат. Азыркы учурда кайсы мамлекетке барары белгисиз. Маселе кечээ эле чечилди да. Азыр дарыгерлер менен кеңешип жатышат. Кайсы өлкөдө кваливикациясы жакшы врачтар болсо ошол жакка барып диагностикадан өтүп балким ошол жакта дарыланат же кайра келет".

2011-2012-жылдары премьер-министр болгон Бабанов май айында "Кумтөр ишине" байланыштуу "коррупция" беренеси менен камалган. Атайын кызмат тергөөдө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген. Саясатчы дооматтарды четке каккан.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, Бабановдун абактан бошогонуна байланыштуу бүдөмүк жагдайлар бар.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Камакка алуу катуу чара да. Аны камагандан кийин кайра бошоткону көп суроо жаратат. Кызык жагдай болуп жатат. Ал жигитти камап, андан бир нерсе үмүт этип, ошол үмүт ишке ашкандан кийин кое бергендей болуп жатат. Мен мурда милицияда, тергөөдө иштегем, камакка алуу деген акыркы чара деп эсептелерин билем. Аны камакка алгандан кийин ага эмне негиз болгонун далилдеп бериш керек да. Ал чет өлкөгө барып бир ай дарыланабы, бир жылбы же он жыл дарыланабы, аны ким текшерет? Мен башынан бери эле Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду "Кумтөргө" байланыштуу камоо туура эмес деп айтып келем. Муну саясий куугунтук катары караса болот. Тергөө маалында кимдир бирөөнү кое берип, кайсы бирин камайм деген "өзүм билемдиктин" белгиси болот".

Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту "Кумтөрдөн" улам камалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты. Зулпукаровдун тарапташы, журналист Шайырбек Абдрахманов сот анын жактоочусунун жүйөсүн эске албай койгонун белгиледи.

"Анын адвокаты сотко дагы, прокурорго дагы бардык фактыларды келтирип берсе дагы прокурор "ал качып кетет же болбосо сотко келбей коет" деген шылтоолор менен дагы эки айга камап койду. Анын адвокатынын айтымында, үй камагына чыгарып деле сурай берсе болмок. Ага түз көрсөтмө берген, күнөөлөгөн деле киши жок да".


Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков болсо Бабановдун бошогонунан күмөн санап, күдүк ойлогондорго кошулбайт.

"Өмүрбек Бабанов аны камакка алып жатканда "мен тергөө менен кызматташууга барбайм" деп расмий айткан. Анын кызматташууга барганына ишенбейм. Эмеле сүрөтүн да көрүп калдым, ооруп аткандай көрүнөт. Эми ооруп жатса дарыланышы керек. Кыргызстандын медицина тармагына ишенбей чет мамлекетте дарыланууга мүмкүнчүлүгү, акча-тыйыны бар. Мен анын четке дарыланууга чыгып жатканын түшүнүп эле жатам. Мүмкүн ал Орусияга барып дарыланаар, ал жакта дагы чоң бизнеси бар эмеспи. Кайсы жакта дарыланат ал кишинин өзүнүн эрки. УКМКнын басма сөз кызматынын бул маселе боюнча тергөө улана берет деген комментарийин окуп калдым. Жээнбеков менен Зулпукаровду чыгарбай, камакта калтырганына сотто жана тергөөдө негиз бар го деп эсептейм. Негизи жок андай чечим кабыл алууга мүмкүн эмес. Алар катардагы киши эмес, көп жылдан бери саясатта жүргөн, убагында таасирлүү кишилер болгон".

Бабановдун окуясы айрыкча социалдык тармактарда талкуу жаратты. Айрымдар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге былтыркы 9-октябрдагы тоз-тополоңдон улам дагы бир айып коюлганын, ошол күнү анын жанында Бабанов жүргөнүн жазышты.

Талдоочу Орозбек Молдалиев Бабанов саясаттан кеткенин бир канча жолу жарыялаганын, кылмыш иши козголгондо чет өлкөгө чыгып кеткен убактарын эстеди.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Бабановдун ушундай ыкмасы бар. Аны кармашат, анан ал азыркыдай болуп камалбаса дагы тергөөдө жүрүп, тил кат берип жатып эле бир күнү тилин таап, кайра чет мамлекетке кетип калат. Бийликке болсо Бабановдун бул жакта отурбай четке кетип калганы дагы ыңгайлуудай. Ушундай таасир калтырат. Азыр эми ага эмне деген диагноз коюлган, Кыргызстанда дарыланганга болбойт бекен деген суроо туулат. Бирок ага деле жооп табылат. Коррупционерлер менен күрөшкөндө айрым бир адамдар үй камагына чыккандан кийин күтүлбөгөн жерден качып кетип калат, аларды сыйпалап эле таппай калышат. Ошентип отуруп иш жабылат. Ошон үчүн бул жерде бүдөмүк ойлор көп болуп жатат. Эгер бул так, ынанымдуу айтылбаса Бабановдун кетип, калгандарынын калып калганына караганда тергөө менен кызматташуудан дагы жогору кызматташуу болду го деген ойго жем таштап жатат. Нааразылыктар ушинтип отуруп пайда болот. Бабановдун буга чейинки жүрүм-турумун эл билет, "бир нерсе эле кылып кетип калды го" деп ал чын эле ооруп кетип калса деле эл ушундай бүдөмүк ойдо кала берет. Эмне үчүн Бабанов эле кетип кала берет деген суроо жаралат",-деди Молдалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев ушул айдын башында кенге байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдер жокко чыгарылууга тийиш экенин билдирген. Кумтөрдөн улам бардык кылмыш иштери "Кумтөр" менен келишимден чыгууга алып келерин айткан.

"Коррупциялык жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгына каршы келген ушул фактыларды эске алуу менен тергөө "Кумтөр" долбооруна байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоону сунуштайт. Ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген ички нормативдик-укуктук актыларды жокко чыгарууну демилгелейт. Башкача айтканда, УКМКнын Тергөө кызматы тараптан өкмөт 2009-жылкы жана башка келишимдердин баарынан чыгууну сунуштайт. Бул Кыргызстандын "Центерра голд" компаниясынан чыгууга алып келет".

Ташиев анда Кумтөргө байланыштуу камалган Бабанов баштаган адамдардын күнөөсү жок деп чыккандарды айыптаган жана атын атабастан мурдагы премьер-министр акча алганы тууралуу жаңы фактылар аныкталганын да билдирген.

Кенге байланыштуу мурдагы үч президент баштаган жоон топ адамга иш козголуп, бир тобу камалган. Алардын айрымдары тергөө менен кызматташат деген жүйө менен үй камагына чыккан.

XS
SM
MD
LG