Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Атың жакшы айланайын Эгемен


Жалал-Абад, гүлдөгөн кызгалдак
Жалал-Абад, гүлдөгөн кызгалдак

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Турдумамбет Кызалаков аттуу мекендешибизден келген ырды сунуштайбыз.

Атың жакшы айланайын эгемен

Урааладык биз алдык деп эгемен,
Салыштырып айга-күнгө теңегем.
Ошондогу кубанычка сөз жетпей,
Туулгансып жаңы гана энеден.

Бийликтеги мырзаларга эгемен,
Жер сатса да ага жооп бербеген.
Эл колунан жаралганды менчиктеп,
Каалагандай алар жашайт эгемен.
Калктын камын ойлонгондор аз болуп,
Билермандар бири-бирине кас болуп.
Талаш-тартыш жакшылыкка алып келбей,
Баратышат мерес болуп, таш болуп.

Атың жакшы айланайын эгемен,
Эгеменге жетпей келем дале мен.
Алдым-жуттум, бай-кедейлик жашоодо,
Кайдан болсун калк каалаган эгемен.

Турдумамбет Кызалаков

Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы.

XS
SM
MD
LG