Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

Кыргызстандын айрым аймактарында кедейликтин деңгээли 40% жетти


Бишкектеги конуштардын бири.
Бишкектеги конуштардын бири.

Кыргызстанда кедейликтин көрсөткүчү 25%, айрым алыскы аймактарда 40% чейин жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда Бишкекте ишкерлер менен жолугушканда билдирди.

Жапаров соңку кездери бир катар ишкерлерди ар кандай айыптоолор менен камакка жана суракка алып жаткан күч органдарын сындады. Мамлекет башчы ишкерлерге тоскоолдук жаратпоого чакырды.

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасынын 85% ишкерлердин колунда экенин белгиледи.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы Кыргызстандын элинин 25,3% кедейликте жашай турганын маалымдаган. 2019-жылы бул көрсөткүч 20% тегерегинде болгон.

Дүйнөлүк банк 2021-жылдын мартында Кыргызстанда калктын кедей катмары 35% жеткенин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG