Бишкекте 15-апрелдеги аялдарга карата зомбулукка каршы митингдеги окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болууда. Иликтөөчү журналист Болот Темиров өз маалыматтарына таянып, бул митингдеги чагымды милиция кызматкерлери уюштурганын жарыялады.
Темиров: ИИМдеги чагым министрдин буйругу менен болгон
Иликтөөчү журналист Болот Темиров жаңы жагдайын айтып чыккан митинг 15-апрелде болгон. Анда уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнөн соң ондогон активисттер аялдарга зомбулукту токтотуу жана бул кылмышты алдын-албаган ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүү талабы менен акция уюштурушкан.
Бишкектеги Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында бул акция башталгандан көп өтпөй «бейөкмөт уюмдарга жана кумсаларга каршы экенин» айткан топ адам келип, активисттерди күч менен сүрүп чыгарган эле.
Болот Темиров өз иликтөөсүндө дал ушул антимитингди уюштургандар жана баштап баргандар милиция кызматкерлери болгонун билдирди. Журналист митингдин жүрүшүндөгү тасманы тыкыр изилдеп, ИИМдин бир нече жооптуу кызматкерин тааныганын айтууда:
“Бизге алгач дал ушул чагымды уюштургандардын арасында ИИМдин кызматкерлери бар деген маалымат түшкөн. Биз аны текшере баштадык. Видеону изилдеп, үчтөн кем эмес булактардан тактап, социалдык тармактардагы сүрөттөрүн изилдеген учурда чынында эле бир нече адам Ички иштер министрлигинин кызматкери болуп чыкты. Видеодон көрсөк болот, митингде эки адам “жакындагыла, топтолгула” деп буйрук бере баштады. Алар ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Чыңгыз Иманалиев жана Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурдин Чолпонбаев экенин тааныса болот”.
Болот Темиров иликтөөсүндө мындан сырткары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын бир нече кызматкери милициянын формасын чечип коюп, антимитингдин катышуучуларынын арасында жүргөнүн билдирүүдө. Ошондой эле Темиров ИИМдин Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү да министр Ниязбековдун отставкасын талап кылгандарга каршылык көрсөткөнүн кошумчалады.
Буга байланыштуу журналист активисттерге орой мамиле кылып, акцияны үзгүлтүккө учураткан чырды Ички иштер министрлигинин жетекчилиги алдын-ала даярдашы мүмкүн деп божомолдоп жатат. Ал иликтөө жарыяланган соң “Temirov Live” студиясынын электрондук почтасын бузуп кирүү аракети болгонун да ачыкка чыгарды.
ИИМ: Темировдун айткандары жалган
Болот Темировдун бул иликтөөсү чыккан соң Ички иштер министрлиги жооп кайтарып, анда айтылгандарды четке какты.
Министрлик 18-апрелдеги билдирүүсүндө “Болот Темиров тараткан видеодо экинчи топту ИИМ кызматкерлери чогулткан жана "ар кызматкер бештен киши алып келсин" деген буйрук болгону жөнүндө сөз болууда. Бул маалымат жалган жана чындыкка жатпайт. Видеодо чынында эле ИИМдин кызматкерлери бар, алар митинг болгон жерге эки жаат болгон митингчилер кагылышпасын деп барышкан”,-деп айтылат.
Ал эми Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши жаралган кырдаалды териштирерин билдирүүдө. Аталган кеңештин төрагасы Ялкун Давудов журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды тыкыр изилдеген соң гана жыйынтык чыгаруу туура болот деген пикирде:
“ИИМдин Коомдук кеңеши Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин жыйынга чогулуп, кырдаал боюнча өз пикирибизди айтып жатабыз. Негизинен милиция саясаттан тыш болуп, кайсы бир тараптын куралы болбошу керек. Ал эми митингдеги кырдаалды карадык. Ал жерде ардагерлер да чыгып өз пикирин айтты. Ошондой эле формачан кызматкерлер коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо боюнча өз аракетин жасады. Ошондой эле формасын чечип коюп да бир нече кызматкер чыр чыгып кетпесин деп көз салып жүрдү. Бирок иликтөөдө айтылгандар боюнча Коомдук кеңеш жыйынга чогулуп, териштирип, өз пикирибизди жакын арада айтабыз”.
Ал ортодо айрым активисттер 15-апрелдеги акция учурунда тоскоолдук жараткан жарандарга каршы укук коргоо органдарына арыз жазышты. Мындай даттануу менен милицияга кайрылган активист Бурул Усманали “Азаттыкка” сүйлөп жатып, өлкөдө мыйзамдуулук орношу үчүн тынч жыйында чагым салгандар жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин айтты:
“15-апрелде бизге каршы антимитингге чыккан адамдардын тек-жайын тактап, чара көргүлө деп арыз жаздым. Бир нече видео тартылган. Алардын баарын тиркедим. Ошолор аркылуу тактаса болот”.
Окуяга эмне себеп болду?
Акыркы жылдары реформалоо талабы айтылып келген Кыргызстандагы ички иштер органдарынын дарегине нааразы пикирлер көбөйдү. Буга киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясы да себеп болду. 27 жаштагы Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул окуя көчөдөгү көзөмөл камераларга тартылып, кызды алып кеткен машиненин үлгүсү, мамлекеттик номуру белгилүү болгонуна карабастан эки күндөн соң гана Айзаданын сөөгү Бишкектин четинен табылган.
Тергөөнүн баштапкы версиясы боюнча кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнөн күрөө тамырын кесип жан кыйышы мүмкүн.
Айзаданын жакындары милицияга дароо кабар берилгенине карабастан өз убагында чара көрүлбөгөнүн айтып, нааразылыгын билдирген.
Бул окуядан соң өз убагында кылмыштын алдын-алууга аракет кылбаган милицияга карата коомчулуктун нааразылыгы күчөп, маселе парламентте да талкууланган. Анда Улан Ниязбеков “моралдык жоопкерчилиги бар экенин” айтып, бирок кызматтан кетүүдөн баш тарткан.
8-апрелде алгач Ички иштер министрлигинин, андан соң өкмөт имаратынын алдында нааразылык акциялары өткөн. Анда ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алуу талабы жаңырган. Акциянын катышуучуларынын алдына чыккан премьер-министр Улукбек Марипов “президент жана өкмөт кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын” айтып, “күнөөлүүлөр жазаланарын” убада кылган.
Мындан соң кылмыш иши козголуп, кырдаалга жооптуу катары Бишкек шаардык милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов баш болгон он кызматкер иштен кеткен. Ошондой эле дагы 30 чакты милиционерге тартип жазасы чектелген.
Бирок активисттер министр Ниязбековдун жумуштан кетишин талап кылып 15-апрелде экинчи жолу акцияга чогулган учурда жогоруда сөз болгон жаңжал орун алган эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өлкөнүн ички иштер органдары учурда өз кадыр-баркын калыбына келтириш үчүн министрдин буйругун эмес, мыйзамдын талабын аткарышы зарыл экенин билдирди:
“Милиция министрдин кызмат ордун эмес, коомдогу өз ордун сактап калганга аракет кылышы керек. ИИМдин алдында акцияга чыккандарга чагым салгандар милиция кызматкерлери экени далилденсе, анда териштирүү жүргүзүү керек. Анткени, адамдардын эркине бөгөт коюу мыйзамсыз кадам болуп саналат. Дегеле ИИМге сын күч алып турганда милиция элдин ишенимин бекемдөөгө умтулушу керек. Айзаданын өлүмүнөн соң кетирген катасынан сабак алып, коомчулук менен иштешкендин ордуна, тескерисинче, тирешке бара жаткандай таасир калтырат. Күч көрсөтүп, түртүп салуу, сүрүп салуу жакшылыкка алып барбайт”.
Кыргызстанда аялдар укугун коргоо чакырыгы менен чыкканда жаңжал менен коштолгон алгачкы окуя эмес. Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.
Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан. Жогорку сот кийин ал чечимди жокко чыгарган.