Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавын алмашуу ыктымалдыгын четке какты. Бул тууралуу 9-апрелде тажик президенти Ворухка барган учурда билдирди.
Эмомали Рахмондун келишин утурлай жергиликтүү бийлик өзгөчө даярдангандай. Маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Ворухтагы жаңы стадион менен маданий борбордун имаратын ачып, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты.
Түштөн кийин Рахмон жергиликтүү тургундардын алдында сөз сүйлөп, анклавдын тагдырына байланыштуу соңку кезде кызыгуу жараткан суроого жооп берди. Тажик президенти Ворух алмаштырылбай турганын айтты:
“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек”.
Рахмон кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу жолугушуу, сүйлөшүү өткөнүн белгиледи. Анын натыйжасында тараптар чек ара тилкелеринин 50% жакыны боюнча мунасага келишкен.
Тажик лидери чек араны тактоо тууралуу Душанбе 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти жүргүзбөгөнүн кошумчалады.
Рахмон ошентип бир нече аптадан бери талкууга айланган Ворухту алмашуу тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кайтаргандай болду.
Ташиев Кыргызстандын коңшулары менен чек араны тактоо комиссиясын жетектеп жатат. Ал өткөн айда Бишкектеги басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы "баш ооруга" айланган Ворух анклавы боюнча Дущанбеге эки сунуш бергенин ачыкка чыгарган:
«Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз - аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук».
Ташиевдин мындай билдирүүсү эки өлкөдө тең талкуу жаратты. Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи "Ворух жери - Тажикстандын аймагы" деп "Фейсбукка" жазып, Ташиевдин билдирүүсүн сындаган. Ага Ташиев кайрадан жооп кайтарып, кайым айтыш жаралган.
Мындай кырдаалдан улам Рахмондун Ворухка сапарына өзгөчө көңүл бурулду. Душанбе анын анклавга тик учак менен учуп келишин расмий Бишкек менен макулдашканы белгилүү болду. Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигинен өтүү үчүн тиешелүү жол-жоболор сакталганын кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо кандай уланат?
Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Ворухту алмашуу боюнча сунуш чек араны тактоодогу бир вариант болгонун, эми аны четке каккан соң тажик тарап өз сунушун бериши керек деген ойдо:
“Бул кыргыз тараптан этика жана дипломатияга ылайык келген эле сунуш болгон. Ал мыйзамдуу сунуш болду. Чек араны чечүү үчүн бизде дал ушундай вариант бар деген сунуш болду. Аны эмоциясыз эле карап көрүү керек болчу. Эми ал сунушка макул болбосо, тажик тарап өз сунушун бериши керек”
Ал эми казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы акыркы кырдаал бул маселени чечүү дагы көпкө созулушу мүмкүн экенин көрсөттү деген пикирде:
“Эки өлкө ортосундагы аймакка, чек арага байланышкан маселелер абдан татаал жана он жылдаган убакытты алат. Ал эми акыркы учурда кыргыз-тажик чек арасынын айланасында өтө көп эмоция болуп жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жылдардагы абалга абай салсак, олуттуу чыр-чатактар катталып келди. Бирок бир нерсени билиш керек, кандай болбосун эртеби-кечпи чек ара маселесин чечпесе соода жүгүртүү, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүн эмес”
Исфара районуна караштуу Ворух анклавы Баткен облусу менен чектешет. Бул аймакты 40 миңге жакын адам байырлайт жана Тажикстандын негизги аймагына өтүш үчүн Баткендеги транзиттик жолду пайдаланат.
Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы толук такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.