Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:33

УКМК кримтөбөл атыккан Алтынбек Ибраимов кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Алтуха» каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганын 13-январда билдирди. Атайын кызмат кармоо операциясы тууралуу видео жарыялады.

Мекеменин маалыматында кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында кармалганы, анын кылмыш дүйнөсүндө негизги орду бар экени айтылат.

УКМКнын билдирүүсүндө, Ибраимовго карата Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде териштирүү жүрүп жатат. Ал азыр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланды.

Бир күн мурда Алтынбек Ибраимовдун Ички иштер министрлигине сурак бергени тууралуу видео жана маалымат таратылган.

Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы «адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан», «опузалап акча талап кылган» деген айып менен камакка алынган. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Дөөлөтбек Турдукожоев «опузалап акча талап кылганы далилденген жок» деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда «баңгизат сактаган» деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок «кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти» деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Турдукожоев жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG