Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Бир жылда 172 уюшкан кылмыштуу топтун адамдары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза, талап, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен 127 уюшкан кылмыштуу топко таандык тараптар кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Аталган мекеменин криминалдык милиция кызматы тарабынан бир жылдын ичинде кылмыш дүйнөсүндө жогорку статуста жүргөн тогуз киши кармалды.

Мындан тышкары мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарак алынган.

Алардын арасында бир Калашников автоматы, алты тапанча, 12-калибрлүү «Эскорт» куралы да бар.

Азыркы тапта кармалган тараптарга байланыштуу алты сотко чейинки териштирүү иши тергелүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG