Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Назарбаевдин кудасы вакцинадан пайда көрбөй турганын айтты


Кайрат Боранбаев.
Кайрат Боранбаев.

Казакстандык ишкер жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев Карагандыдагы фармацевтикалык комплексте өндүрүлгөн орусиялык "Sputnik V" вакцинасын сатуудан киреше таппай турганын билдирди.  

4-февралда "Азаттык" радиосунун казак кызматы "Назарбаевдин кудасы сунуш кылган "Sputnik". Вакцина жана Казакстандагы бийликтин бизнеси" деген журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда коңшу өлкөнүн бюджетинен коронавируска каршы вакцина сатып алууга бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн экс-президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы Кайрат Боранбаев менен анын орусиялык өнөктөштөрү көзөмөлдөгөн Карагандыдагы фармацевтикалык комплекс алары айтылган.

“Азаттыктын” журналисттеринин иликтөөсү Казакстанда чоң резонанс жаратып, бул тууралуу бир нече жергиликтүү медиа каражаттары да жазган. Ошондой эле соцтармактарда катуу талкуу жүргөн. Кабарчылар Боранбаевдин ишканасы мамлекеттик келишимден канча киреше алаары жөнүндө маалымат ала албагандыгын баса белгилешкен. Редакция иликтөө чыгардан мурун фармкомпанияга суроо жөнөткөнүн, бирок жооп ала албаганын билдирген.

Боранбаев иликтөө чыккандан кийин журналист Багдат Асылбекке өзү телефон чалып, "Sputnik V" вакцинасын өндүрүүдөн эч кандай киреше табууну көздөбөгөнүн айткан.

“Биз киреше деле таппайбыз. Канчага алсак, ошончого саттык. Баасын өкмөт аралык комиссия бекитип, вакцинаны жеткирүү, ташуу жана таңгактоо чыгымдарын кошкон жок. Вакцинаны кайрадан кутуларга салыш керек, анткени ал Казакстандын бардык шаарларына жеткирилет. Вакцинаны кутуга салганда казак жана орус тилдеринде маалымат камтылышы керек. Бул чыгымды биз көтөрдүк. Анткени бул биздин социалдык долбоорубуз. Башында Саламаттык сактоо министрлиги менен ушундай келишим түзгөнбүз. Биз "макул, анда жок дегенде өндүрүш чыгымдарын төлөп бергиле" дедик, болду. Жол кирени эч ким өзүнө алган жок. Анткени иш жүзүндө мамлекеттик дистрибьютор болгон "СК-Фармация" түздөн-түз сатып алышы керек. Бирок ал фирманын Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен келишими жок болгондуктан, биз бул ишти колго алгандан башка чара калган жок. Бардык чыгымдарды биз көтөрдүк. Бирок эч нерсе эмес. Биз кандай иш жасап жатканыбызды жакшы түшүнөбүз".

Ишкердин айтымында, чыгымдын баарын так эсептөө кыйынга турат. Боранбаев учурда өндүрүш кызыганын жана орусиялык вакцинаны даярдоо "заводдун ички чыгымдарына кирерин" эскертти.

Расмий маалыматка ылайык, Караганды фармацевтикалык комплекси былтыр ноябрь-декабрь айларында вакцина өндүрүрүлө турган жер деп карала баштаган. Ал эми Боранбаев бул ишти былтыр жайында эле пландаштыра баштап, орусиялык ишкер өнөктөшү, миллиардер Виктор Харитонин менен кеңешкенин айтты.

Харитонин, Боранбаев жана дагы эки орусиялык өнөктөштөр (мурдагы өкмөт мүчөлөрү Андрей Реус жана Андрей Дементьев) 2017-жылы түзгөн "НеоТекФарм" компаниясы Карагандыдагы комплекс менен келишим түзгөн. Ал эми Харитонинге таандык "Генериум" компаниясы да Орусияда "Sputnik V" вакцинасын өндүрөт. Боранбаев бул жерде эч кандай түшүнбөстүк көрбөй тургандыгын кошумчалады.

"Эгер бизде өнөктөштүк болбосо анда биз вакцинаны алып келбейт элек. Түшүнүп жатасыңбы? Мен эмне үчүн ушул өнөктөштү тандадым? Себеби ал Орусиядагы эң күчтүү өнөктөш. Анын Санкт-Петербургдагы заводу бар, алар вакцинаны да ошол жерде өндүрүшөт. Түшүнүп жатасыңбы? Ошондуктан бизге жеңилирээк болду. Ооба, ал менин өнөктөшүм. Мен дарыгер эмесмин, мен долбоордун инвесторумун. Мен ага "Казакстанда өндүрө алабызбы" деп сурадым. Ал "Биз Санкт-Петербургда өндүрөбүз" деп жооп берди. Бирок биздин завод чоң, кубаттуу. Баары тыкыр каралган соң ишке кириштик. Мен өнөктөшүмө абдан ыраазымын, анткени анын жардамы менен Казакстанга вакцинаны алып келдик. Өзгөчө сузпенцияны алып келүү үчүн көп колдоо көрсөттү. Албетте, эмдөө оңой эмес. Президент менен премьер-министр кийлигишип, вакцинаны алып келип, 1-февралдан баштап калкты эмдөөдөн өткөрө башташты", - деди Боранбаев.

Ал ошондой эле коомчулукка баарын эле айта берүүнү жана жалган маалыматты жазгандарды жактырбай турганын кошумчалады. Бирок журналисттин "иликтөөдө кайсы жери жалган?" деген суроосуна ишкер так жооп бере алган эмес.

Миллионердин Назарбаев менен байланышы

Кайрат Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы Назарбаевдин жээн небереси Айсултанга турмушка чыккан. Дарига Назарбаеванын 29 жаштагы уулу Айсултан былтыр августта Лондондо каза болгон.

Боранбаев журналисттерге "Нурсултан Назарбаев менен кудалык мамилеси анын бизнесинин гүлдөшүнө таасир этпейт" деп ынандырууга аракет кылды.

"Мен ишкерликти башкача жасайм. Мен эч кандай тендерлерге катышпайм. Инвестициялык долбоорду түзгөндө гана тендерлерге катышам. Андан кийин көлөмдүүсүн алганга барам, - дейт Боранбаев.

Журналисттер иликтөөдө Караганды фармацевтикалык комплекси жана Боранбаевдин "Нурмай-Фармация" компаниясы да мамлекеттик сатып алууларга катышарын, алардын продукциясын "СК-Фармация" сатып аларын аныкташкан.

"Башка жол барбы? Кантип сатабыз? Сиз алардын абдан кымбат экендигин түшүнүшүңүз керек. Адамдар лейкемия жана рак илдетине кабылганда дары-дармекти мамлекет сатып берет. Андан кийин ооруканаларга таратылат. Башка жол жок", - деп түшүндүрдү ишкер.

Жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүнүн аягында Боранбаев "Азаттык" радиосунун кабарчысын 9-февралда Карагандыдагы фармацевтикалык комплекске келип кетүүгө чакырды. Ал эми "Азаттык" радиосу ишкердин чакыруусун кабыл алды.

Ал арада Караганды фармацевтикалык компаниясынын расмий сайты билдиргендей, компания түзүлгөндөн бери 50 миллион доллар инвестиция салган. Маалыматка ылайык, компаниянын өткөн жылы түшкөн кирешеси 28 миллион долларды түзсө, комплекс 860 миң доллар салык төлөгөн.

Ал эми "Forbes" журналы Боранбаевдин байлыгын 519 миллион долларга баалаган. Фармацевтикалык компаниядан тышкары, ал Казакстанда фитнес, соода жана көңүл ачуу борборуна, ошондой эле McDonald's франчайзингине ээ.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын кыргызча которгон Элвира Будайчиева

XS
SM
MD
LG