Азербайжандын желеги астында аскер техникаларынын кербени Тоолуу Карабактагы Лачын районуна 1-декабрга караган түнү кирди. Бул жер согушту токтотуу үчүн түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун шарттарына ылайык, Армения Азербайжанга өткөрүп берүүгө тийиш болгон үч райондун акыркысы болчу.
Лачын кайтарылган соң Азербайжандын президенти Илхам Алиев телекайрылуусунда акыркы кырдаалды “жаңы реалдуулук” катары баалады:
“Биз жаңы реалдуулук жаратканыбызды дагы бир жолу айткым келет. Биз жеңдик, биз душманды талкалап, өз жерибизден кубалап чыктык. Армения бул реалдуулукту кабыл алгандай эле, ар бири буга баш ийиши керек”,-деп жалындуу сүйлөдү.
1992–94-жылдардагы согуштун айынан бул районду Азербайжан колдон чыгарган болчу.
Лачын району Армениянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы менен армян жикчилери өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабак аймагынын ортосунда жайгашкан стратегиялык маанилүү жер болуп саналат.
Армян тарап 44 күнгө созулган соңку уруштан кийин Тоолуу Карабакты курчаган Агдам, Калбажар жана Лачинди кошуна өлкөгө өткөрүп берүүгө макул болгон.
9-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде аймактагы Агдам району 20-ноябрда, Келбажар району андан беш күндөн кийин, 25-ноябрда Азербайжанга өткөрүлгөн.
Лачын кайтарылганы тууралуу кабарды Азербайжанда кубаныч менен тосуп алышты. Бакуда ондогон адамдар көчөгө чыгып, ырдап-бийлип жатышты.
Ал эми Армениянын жарандары дале болсо ыза болуп тургандай.
Тоолуу Карабактагы үй-жайын таштап, Ереванга качууга аргасыз болгондордун бири, 78 жаштагы Лариса Мирзоян буларды айтты:
“Карабакта менин ата-бабам жашаган. Бардык тапкан-ташыганым ал жакта калды. Ушундан кийин азыркы армян өкмөтүнө кандай мамиле кыларымды билбейм”.
Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотуу боюнча келишимге кол койгон соң армян коомунун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын өкмөтүн катуу сынга алган. Ереванда бир нече күн Пашинянды кызматтан кетирүү талабы менен акциялар өтүп, анын жүрүшүндө бир катар оппозициячыл саясатчылар камакка алынган.
Ок атууну токтоткон келишимдин дагы бир шарты боюнча Орусиянын 2 миңге жакын аскери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуучу катары киргизилген. Алар учурда Арменияны Карабактын жикчил бөлүгү менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып жатат. Бирок бул аймакта орус аскерлери менен катар Түркия да өз аскерлерин тынчтыктын сакталышына көзөмөлдөөчү катары жайгаштыруу аракетин көрүүдө.
Негизи тынчтык келишиминде алгач Кремль Түркия тууралуу сөз жок экенин, түрк аскерлери аймакка келбей турганы айтылган болчу. Бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптар аймакка көзөмөл жүргүзүш үчүн биргелешкен борбор түзүүнү макулдашканын айткан. Муну 1-декабрда Түркиянын Коргоо министрлиги дагы бир жолу кайталап, аны Орусиянын аскер мекемеси да ырастады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков макулдашууга ылайык, бул борбордо эки тараптан тең бирдей сандагы кызматкерлер болорун билдирди.