Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2012-жылдагы маалыматында Салянова «Кумтөр голд компани» ишканасынын 1,5 млрд. сом салыгын кечкени тууралуу аныктама чыгарганы айтылат.
Экс-башкы прокурор Аида Салянова 19-октябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 2012-жылы айтылган маалыматтарга токтолду.
Салянова бул маалыматтар 2012-жылдан бери дайыма Интернет аркылуу социалдык тармактарда жайылтылып, таркатылып келе жаткандыктан жооп берүү зарылчылыгы келип чыкканын белгиледи.
«Бүгүн Интернетте «Салянова Юстиция министрлигинде статс-катчы болуп турган мезгилде «Кумтөр» ишканасынын салыктарын кечүүгө жол берген» деп түрдүү форматта, мени каралоо максатында таратылып, Садыр Жапаров айыптап жаткан видеотасма тууралуу маалымат берип коюуну туура таптым. Садыр Жапаровдун мени «2009-жылы «Кумтөр алтын кенинин салыктарын төлөбөй эле койсо болот» деген аныктама чыгарып бергени үчүн ошол мезгилдеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов өзүнүн буйругу менен «Кумтөр голд компани» ишканасынын 1,5 млрд. сом салыгын кечип жиберген» деп айыптап жатканы туура эмес. Ал кезде мен Юстиция министрлигинин статс-катчысы болчумун».
Ошондой эле Салянова Садыр Жапаров 2009-жылы Коррупцияга каршы агенттикти жетектеп турганын белгилейт. Мындан тышкары Жапаровдун ошол кездеги жакын досу, партиялашы Акматбек Келдибеков Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болгонун, Юстиция министрлигинин статс-катчысына ири ишкананын салыгын кечирип жиберүү укугу берилбегенин айтты.
Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Салянованын бул аракетин сынга алды.
«Бардык нерсени саясий бийлик менен жана конъюнктуралык көз караш менен баалап, бакырып чыга калчу болдук. Аида Салянованын бул айткандары сот иштери менен байланыштуу. Андай саясий билдирүүлөрдү резонанс кылуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Ансыз да козуп турган элди ого бетер козутуунун кереги жок. Башына кыйынчылык түшкөндө элдин башын айландыруу туура эмес. Мен эки тарапты тең сабырдуулукка чакырам. Укуктарын мыйзам талаасында далилдесин. Улам эле коомчулуктун алдына чыгып алып, бакыра бергендин кереги жок».
2009-жылы 15-декабрда кыргыз өкмөтү ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун буйругу менен «Кумтөр голд компани» ишканасынын 1,5 млрд. сом салыгын кечкен. Садыр Жапаров бул маселени 2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, Кумтөр алтын кенин иштетүүчү «Центерра голд инк» ишканасы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы болуп турган учурунда байма-бай көтөрүп турган.
Ошол эле кезде Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарыш керек деген позицияны карманып келген Садыр Жапаров быйыл 13-октябрда өкмөт башчылыкка шайланып жаткан учурда бул ойдон эки жыл мурда кайтканын минтип билдирген:
«Сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Анткени, сегиз жылдан бери казып, алтындын запасы калбай деле калды. Аны алыштын кажети жок» деп эки жыл мурда журналисттерге айткам».
Жапаров 2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митингде депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган. Ошол кезде Аида Салянова башкы прокурор кызматын аркалап турган.
Жарандык активист Адил Турдукулов өткөндү эстебей, алдыга карап саясат жүргүзүү керектигине токтолду.
«Ошол кезде Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Садыр Жапаровду эл «Бригада» деп атап коюшчу эмес беле. Аларга бийликтин касташканы Келдибеков болгон. Ошого карата балким Атамбаевдин көрсөтмөсү менен дейбизби, Келдибековдун Соцфонддо иштеп жүргөн кезиндеги мыйзам бузууларды алып чыккан Башкы прокуратура болгон. Учурда Садыр Жапаровго катара касташа турган негиз деле жок болуп калды. Анткени саясий конъюнктура бат-баттан өзгөрүп жатат. Эми өткөндү эстеп, иликтей берсек саясат жүргүзүү да мүмкүн болбой калат. Андан көрө азыркы принципиалдуу учурлар боюнча сүйлөшүү зарыл болуп турат».
«2013-жылы бийлик адамын барымтага алган» деп айыпталып, камалган Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндөгү башаламандык маалында тарапташтары түрмөдөн бошотуп алышкан. 14-октябрда ал өкмөт башчы болуп шайланып, 15-октябрда президенттин милдетин аткарууну колуна алган. Жапаров түрмөдөн чыгары менен аны соттогон дагы бир өкүм жокко чыгарылган.
Ал эми Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал кичүү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
Ошондой эле Салянова кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча былтыр үч айдан ашык Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгон соң гана үй камагына чыгарылган болчу.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрдагы жалпы кыргызстандыктарга багыттаган кайрылуусунда «мурдагы бийликтердин тушунда саясий мотивдер менен соттолгондор өздөрүнүн күнөөсүз экенин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү» деп билдирген. Ошондой эле ал «мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун куралы болуудан калат» деп убада берген.