Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Тажикстан эгемендик күнүн пандемия шартында белгилеп жатат


Тажикстан бүгүн эгемендиктин 29 жылдыгын белгилеп жатат. Пандемияга байланыштуу иш-чаралар мурдагыдай масштабда уюштурулган жок.

Жыл сайын 9-сентябрда концерт, оюн-зоок өткөрүлчү. Бирок өткөн жумада бийлик коомдук саламаттыкты коргош үчүн андай иш-чаралар уюштурулбай турганын билдирген. Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы тараганын акыркылардан болуп моюнга алган. Шейшембиге карата COVID-19га чалдыккандар расмий статистикага караганда 8 860 болду, 70 киши илдеттен каза тапты.

«Азаттыктын» тажик кызматы июнь айында өз алдынча иликтөө жүргүзүп, өлгөндөр мындан көп болушу мүмкүн, арасында ондогон дарыгерлер менен медайымдар бар деген жыйынтыкка келген.

1994-жылдан бери бийликте турган мамлекет башчы Эмомали Рахмон 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуп көргөзүлдү.

Кошуна өлкөдөгү буга чейинки бир да шайлоо Батыштын байкоочулары тарабынан эркин же калыс деп таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG