Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Боронов: Кыргызстанда коронавирус 4,2 млн. адамга жугушу мүмкүн


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий тобу Кыргызстанда канча адамга коронавирус жукканын аныктоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августта онлайн брифинг учурунда айтты.

Анын сөзүнө караганда, калктын канча пайызы ооруга чалдыкканын жана айыкканын адистер атайын ыкма менен жер-жерлерде эсептеп чыга башташты. Боронов мындан тышкары COVID-19 илдети өлкөдө канча кишиге жугушу мүмкүн экенин жарыялады.

«Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолу боюнча, бизде тогуз жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгышы мүмкүн деп 4,2 млн. адамды киргизишти», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы ачык булактардагы маалыматтарга таянып, элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыкпаганын же оору симптомсуз өтүп жатканын айтты. Ал эми оорунун белгилери 1,4 млн. кишинин ичинен үчтөн бир бөлүгүнөн, же 466 миң адамда жеңил формада өтүп жатат.

Боронов Кыргызстанда коронавирус жуккандар жана андан каза болгондор азайып калганы менен абал турукташа элек экенин кошумчалап, элди санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого чакырды.

11-августка карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 40 455 адамга жукту, анын ичинен 32 764ү айыкты жана 1 478 киши каза болду. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG