Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:59

Болгарияда өкмөткө каршы акциялар уланды


Болгариянын борбору София шаары. 5-август, 2020-жыл.
Болгариянын борбору София шаары. 5-август, 2020-жыл.

Болгариянын борбору Софияда 7-августтун кечинде 5000дей демонстрант премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтүнүн отставкасын талап кылып, кайра көчөгө чыгышты.

Алар 30 күндөн бери кечинде чогулуп жатышат. Европанын эң жакыр өлкөсү деп эсептелген Болгарияда көп жылдан бери биринчи жолу эң чоң толкундоо болду. 29-июлдан 1-августка чейин демонстранттар Софиянын борборунда негизги үч көчөнүн кесилишин ээлеп, чатырларды тигип тосуп алышты.

Мындай тосмолор Пловдив шаарында жана Кара деңиздин жээгиндеги Варна калаасынын портунда да коюлуп, транспорт кыймылына катуу тоскоолдук жаратты.

7-августта полиция демонстранттардын чатырларын алып, жол тосууга мындан ары жол берилбей турганын эскерткен. Демонстранттар буга карабай, көчөлөрдүн негизги кесилиштерине бир түндө жаңы чатырларды орнотуп алышты.

6-августта өкмөттүк коалиция Борисов кызматында калышы керек деген чечим кабыл алган. Болгариядагы акыркы сурамжылоолор Борисов менен анын ГЕРБ деп аталган консервативдүү партиясын колдогондор кескин азайып кеткенин көрсөттү.

"Transparency International" уюмунун иликтөөсүндө Европа биримдигине 2007-жылы кошулган Болгария чөлкөмдөгү эң жакыр жана коррупциялашкан өлкө бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG