Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Кыргыз элчиси британ канышасына ишеним грамотасын тапшырды


Елизавета Экинчи жана Эдил Байсалов.
Елизавета Экинчи жана Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов 20-ноябрь күнү Британиянын канышасы Елизавета Экинчиге ишеним грамотасын тапшырды.

Лондондогу Букингем сарайында өткөн салтанатта элчи канышага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жалпы кыргыз элинин жылуу каалоо-тилектерин жеткирди. Мындан тышкары элчи канышага шырдак белек кылды.

Эдил Байсалов канышага Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап Британия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын кошумчалады.

Британ канышасы кыргыз элчисинин ишине ийгилик каалады. Бул тууралуу Кыргызстандын Лондондогу элчилиги кабарлады.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов 11-июнда Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Буга чейин Улуу Британияда элчи болуп Гүлнара Исакова иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG