Наманган шаарынын тургуну Мухаббат Холматованын эки уулу – 40 жаштагы Алишер менен 33төгү Шавкат 2010-жылы узак убакытка кесилген. Сот аларды диний мазмундагы материалдарды мыйзамсыз даярдаган, сактаган жана тараткан деген бүтүм чыгарган.
60тагы Мухаббат Холматова октябрда уулу менен үч саатка жолугушууга уруксат алган. Ошондо уулунун денесинен кыйноодон калган кара тактарды көргөнүн, абакта анын белинен ылдый, жыныстык мүчөсүнө суу куюп кыйнашканын айтып, өлкө президентине кайрылды.
Ал күйөөдөн эрте ажыраганын, ушул тапта чиедей неберелери менен чоң үйдүн түйшүгүн жеке өзү көтөрүп атканын айтат:
- Эки уулумун беш перзентин өзүм чоңойтуп атам. Кичүү келиним эки жашар наристесин мага таштап кетип калган. Экинчи келиним иштебейт. Чоң үй-бүлөнү багуу менин мойнумда. Ар күнү самса бышырып сатып, оокат кылам. Бирок бир табак самсага беш перзентти багуу канчалык кыйын экенин түшүнсөңүз керек.
Жакында камалган уулумду көргөнү бардым. Буттарынын териси күйүптүр. Сурасам, денесине кайнак суу куюшуптур. "Эмнеге?" десем: "Намаз окуганым үчүн азапка салышты" деди. Намаз окуу жаман ишпи? Неге мындай кылышат? Андан тышкары уулум гепатит Б"кеселине чалдыкканына карабай аны кыш заводдо иштөөгө мажбурлап атышат. Уулумун акыбалын көрүп тамырым зыркырады. Шапайып арыктап, денесинде эт калбай калыптыр.
Экинчи уулум Навои шаарындагы абакта, ал да кесел. Урматтуу Шавкат Миромонович, эки уулум жети жылдан бери камакта. Алардын беш баласы бир жагынан каражаттан кыйналса, экинчиден атасыз өсүп атышат. Мен тиричилик үчүн жүгүрүп аларга мээрим бере албай атам. Суранам, балдарымды бошотуңуз. Алар балдарынын алдына кайтышсын. Суранам, - деп, абактагы балдарына тынчсызданган аял Өзбекстандын президентине кайрылды.
Мухаббат айым "Азаттыктын" өзбек кызматына да жогоруда айткандарын кайталады.
Бирок Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караган Жаза аткаруу башкармалыгы айтылгандарды четке кагууда. Телефонду алган атын атабаган кызматкер:
"Ал аял биздин башкармалыкка келип, арыз менен кайрылсын. Ошондон кийин текшерүү жүрөт. Эгер кыйноо боюнча айткандары далилденсе, маселени чечебиз" деп жооп берген.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын редакциясына абактардагы кыйноого байланышан арыздар дамамат түшүп турат. Ошол эле учурда алар Жаза аткаруу кызматына кайрылган менен маселе чечилбейт дешет.
Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанда кыйноо такай болуп турат жана зулумдукка баргандар жазаланбай калууда деп коңгуроо кагып келишет.
Бул тууралуу быйыл жыл башында президент Шавкат Мирзиёев да үн каткан. Ички иштер министрлигинин, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлери менен жолугушууда ал жасабаган кылмышты моюнга алдырыш үчүн күч түзүмүндөгүлөр көбүнесе шектүүлөрдү азапка салаарын улам кайталап айткан эле.
Кийин прокурорлор менен болгон жыйында аларды репрессивдик жана жазалоочу орган деп ачууланган.
Мирзиёев бийликке келгенден кийин өзбекстандыктар үчүн атайын электрондук кабылдама ачып, ага учурда миңдеген адамдар өз көйгөйлөрүн айтып кайрылууда.