Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Гутерриш: ШКУ дүйнөлүк гравитациянын борборуна айланууда


БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш Астанада. 09.6.2017.
БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш Астанада. 09.6.2017.

ШКУ дүйнөлүк гравитациянын борборуна айланууда. Бул тууралуу БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн ШКУ саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

- Бүгүн мен саммитке ШКУ акырындап бүткүл дүйнөдө гравитациянын борборуна айланып баратканын даана түшүнүү менен келдим. Менимче, бул уюм учурдагы тынчтыктын маанилүү негизи болууда. Индия менен Пакистанга бул аянтчада конструктивдүү диалог үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп ишенем, - деди Гутерреш.

Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхында анын жыйындарына БУУнун баш катчысы биринчи жолу катышты.

Антониу Гутерриш Казакстанга Борбор Азиядагы сапарынын алкагында 9-июнда келген. Ал ШКУ саммитинен тышкары бүгүн Астанадагы ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына да катышууда.

БУУ кабарлагандай, 10-июнда анын сапары Өзбекстанда улантылып, Самаркандда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Өнүгүү боюнча улуттук форумдун ачылышына катышмакчы.

11-июнда Гутерриш Бишкекке келип, андан ары Ошко 2010-жылдагы кандуу окуялардын жети жылдыгын эскерүү иш-чараларын катышуу максатында барат.

12-июнда ал Тажикстанга, 13-июнда Түркмөнстанга сапарга чыгаары белгиленген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Гутерришти Борбор Азиядагы сапары учурунда адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG