Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

Президент Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгы чыкты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 25-июлда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул документте мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевди Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп эсептеп, алардын элесин урматтоо ар бир жарандын парзы катары каралышы керектиги жазылган.

Совет мезгилинде 1921-жылдан тартып кыргыздын интеллигенциясы өз алдынча автономия түзүүнү талкуулай баштаганы, бул татаал жолдун арты менен мамлекет түзүлгөнү белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында саясий элитанын өкүлдөрү – улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наамды ыйгаруу менен алардын ата мекен алдында өтөгөн эмгегин белгилөөнү өзүбүздүн парзыбыз деп эсептейбиз. Ушул адамдар кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт”, - деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинети жогоруда аталган мамлекеттик ишмерлер тууралуу материалды даярдап, аны мектептерде жана жогорку окуу жайларда билим алган жаштарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн окуу программасына киргизиши керек. Ошондой эле бул тема боюнча илимий практикалык конференцияларды өткөрүү тапшырмасы коюлду.

Өкмөткө Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн мамлекеттик ишмерлер тууралуу калк арасында маалыматтык-пропагандалык иштерди жүргүзүү да жүктөлдү.

2024-жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда кол койгон.

Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

XS
SM
MD
LG