Бул реформанын мурункулардан айырмасы, артыкчылыгы эмнеде? Натыйжага жетүүнүн механизмдери барбы? Жарлыктын жоболору, анда жазылган милдеттерди иш жүзүнө ашырууга бүгүнкү жетекчиликтерде, өздүк курамдарда моралдык-психологиялык даярдыктар кандай?
"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгынын эксперти Марат Төрөбеков, Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Байтемир Ибраев жана "Эр айдоочу" укук коргоо бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов катышты.
"Азаттык": Марат мырза, жарлыкта укук коргоо институттарына ишенимди калыбына келтирүү менен калктын укуктук аң-сезиминин жогорку деңгээлин калыптандыруу деген пункт жүрөт, мурдагы реформалык программаларда деле ушундай жалпы декларациялык мүнөз көп эле да. Укук коргоо органдарына болгон ишенимди кантип, кандай жолдор менен көтөрөбүз деген суроо туулат...
Марат Төрөбеков: Биз бул пункттарды декларациялык дегенибиз менен андан баш тарта албайбыз. Анткени укук коргоо органдарынын негизги максаты ошол. Азыркы убакта укук коргоо органдарында башаламандык болууда. Алардын арасында бири-бири менен иштөө, координациялык аракеттер төмөнкү деңгээлде. Ошол себептен президент реформага баратат, жарлыкка кол койду. Реформанын негизги максаты - укук коргоо органдарынын функцияларын, алардын ишмердүүлүгүнүн аймактарын так аныктоо, чектөө.
Азыркы учурда экономикалык маселелер менен үч укук коргоо органы алектенет. Ишкерлерден алардын үстүнөн арыздангандар көп, иштетпей эле биринчиси кетсе экинчиси текшерет, анан үчүнчүсү келип жүдөтүп жатканы чындык.
Коррупция менен күрөш токтобогон аракет болуш керек. Тилекке каршы, жаңы келген адамдар дагы зымга тизилген чымчыктардай коррупцияга аралашпайт, малынбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Коррупция менен күрөшүү эч качан кеч болбойт.Байтемир Ибраев
“Азаттык”: Элдин органдарга ишенимин арттыруу үчүн кандайдыр бир радикалдуу кадамдар жасалабы?
Марат Төрөбеков: Албетте, жасалат. Биринчи ирет укук коргоо органдарынын ичин тазалоо милдетин коюп жатабыз. Кызматкерлердин бардыгы ачык конкурстун негизинде гана кабыл алынат.
Экинчиден, органдардын ички коопсуздук кызматтары да жаңы формада түзүлөт. Алар органдын жетекчилерине көз каранды болбойт, ишине кийлигише албайт. Отчетту министрге эмес, өкмөткө берсин деп жатабыз. Ишинен жакшы көрсөткүчтөрдү жараткан кызматкерлерди колдоо, башка жогорку кызмат орундарына көргөзүү сунуштары бар.
"Азаттык": Байтемир мырза, реформанын дагы бир максаты - укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу жана өз алдынча тазалануу механизмдерин колдонууга киргизүү дейт. Азыркы укук коргоо органдары тазаланууга даярбы?
Байтемир Ибраев: Коррупциялык көрүнүштөр жалгыз эле укук коргоо органдарында тазаланып калса эле жоюлат деген чоң катачылык болуп калат. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери органдарда ички тазалануу болуп келатат десем жаңылышпайм. Ошондуктан ушул убакка чейин тазалануу болгон эмес, эми баштайбыз деген туура болбой калат. Коррупция менен күрөш токтобогон аракет болуш керек. Тилекке каршы, жаңы келген адамдар дагы зымга тизилген чымчыктардай коррупцияга аралашпайт, малынбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Коррупция менен күрөшүү эч качан кеч болбойт.
МАИде коррупцияны жок кылабыз дедик эле, токтоттукпу? Жок. Баягы мурдагыдай эле саат сайын параны алып жатат, анын баары министрлерге барып жатат.Качкын Булатов
"Азаттык": Качкын мырза, жарлыкта ар бир укук коргоо органынын иш милдеттерин жана жоопкерчилик зоналарын, ошондой эле ролун чектөө менен так стратегиялык милдеттерди аныктоо, рефоманын негизги милдеттери катары айтылууда. Мурда ким эмне жумуш кылары, милдети анык эмес беле?
Качкын Булатов: Азыркы айтылып жаткандардын баары мыйзамдарда бар, булар эч жаңылык алып келген жок. Бардыгы мурдагыдай эле ордунда турат. Рысалиевдин учурунда да реформа кылабыз деди эле, мына-ана деп отуруп акыры басып коюшту, мен ИИМди реформалоо боюнча комиссияда мүчө болчумун.
Реформа жасоого министрлердин эрки керек, катуу көзөмөл болбосо эч нерсе өзгөрбөйт. МАИде коррупцияны жок кылабыз дедик эле, токтоттукпу? Жок. Баягы мурдагыдай эле саат сайын параны алып жатат, анын баары министрлерге барып жатат.
Коррупция менен каржы полициясы күрөшөт деди, алар алып жатат. Коррупция менен АКС күрөшөт дешти, алар да бузулду, прокуратура текшерет дешти эле, алар да бузулду, баары эле акча деп калышты. Ошондуктан азыркыдай реформа менен натыйжага жетише албайбыз.
"Азаттык": Марат мырза, Ички иштер министрлигинин системасында өз алдынча жана бири-биринен көз каранды болбогон беш кызмат түзүлөт, деп жазылып жүрөт. Министрликтеги азыр иштеп жаткан башкармалыктардан айырмасы эмне, артыкчылыгы эмне?
Марат Төрөбеков: Реформанын талабына ылайык, ИИМдин борбордук аппаратында азыркыдай башкармалыктар болбойт. Бири-бирине баш ийбеген, өз алдынча көз каранды иш жүргүзгөн, отчетту өкмөткө берген жаңы беш кызмат түзүлөт. Иштин натыйжалуулугуна кызматтын жетекчиси жеке өкмөт алдында жооп берет. Азыр эмне, баары бири-биринен көз каранды, тергөө иши ыкчам-изилдөө жумуштарынан көз каранды. Тергөөнүн объективдүүлүгүнө да зыянын тийгизип жатпайбы. Ошондуктан ИИМде өз алдынча тергөө кызматын киргизип жатабыз.