Кыргызстанда турмушка чыккан кыздардын 15 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыккандар. "Азаттыктын" апталык түрмөгүндө бул маселенин аймактардагы көрүнүшүн чагылдырабыз.
Расмий маалымат боюнча Oшто 1163 келинге жашы жете электе нике кыйылган. Мыйзамга шайкеш эмес мындай көрүнүштү коомчулук кадыресе кабыл алат. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков мунун себебин билүүгө аракет кылды:
Таласта эрте турмушка чыккандар көбөйдү, расмий никеге туруу маселеси кантип чечилип атканын Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева изилдеген.
Нарын эрте турмушка чыккандар көп катталган аймактардын бири. Эрте никеге турууга коомчулуктун мамилеси кандай экенин кабарчыбыз Мирлан Кадыров айтып бермекчи:
Ысык-Көлдө жашы жете элек кыздарды ала качып, нике кыюу фактылары башка аймактарга караганда арбын. Асеин Маданбековдун радио макаласы:
Муфтият долбоорго жубайларды адегенде нике кыйдырып, он күн ичинде Мамкаттоого милдеттендирүү сунушун берди. Мыйзам долбоорундагы башкы жобо - адегенде Мамкаттоо, андан кийин нике. Жаңы иштелип жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, жашы жете электе күйөөгө берүү көрүнүшүн ооздуктоого кудурети жетеби? Теманы Замира Кожобаева улайт:
Кыргызстанда кыздардын эрте турмуш куруусуна каршы күрөшүү жеңил эмес. Ал эми аял укугу көбүрөөк тебеленген Ооганстанда өспүрүм кыздардын эркинен тыш турмуш куруусуна бөгөт болуу андан бир канча эсе оор.
Ооганстанда ушундай тагдырга тушуга жаздап, кийин укук коргоочуга айланган Сонита тууралуу баян Мухаммедали Токтакуновдун макаласында.
Рэппер Сонитанын мал сыяктуу сатылган кыздар тууралуу ыры
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Асеин Маданбеков
"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Замира Кожобаева
“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
-
Али Токтакунов
2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.