Эрте турмушка чыгуу ооздукталабы?
Муфтият долбоорго жубайларды адегенде нике кыйдырып, он күн ичинде Мамкаттоого милдеттендирүү сунушун берди. Мыйзам долбоорундагы башкы жобо - адегенде Мамкаттоо, андан кийин нике. Жаңы иштелип жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, жашы жете электе күйөөгө берүү көрүнүшүн ооздуктоого кудурети жетеби?