Расмий маалыматтарда мурдагы жылдарга салыштырмалуу окуу усулдары жана окуу китептери менен жабдуу дурус жолго коюлгандыгы айтылып келатат. Иш жүзүндө кандай? "Азаттыктын" кабарчылары окуу китептер менен мектептерди жабдуунун жер-жерлердеги абалына кызыгып көрүштү.
Кыргызстанда тажик тилдүү мектептерди окуу китептери менен жабдуу 30 пайыздын айланасында. Ал эми тажик тилдүү мектептер менен класстар басымдуулук кылган Баткен облусунда 50% түзөт. Ага жараша бул аймактагы жогорку класстардын окуучулары дээрлик Тажикстандын окуу программаларынын негизинде Тажикстандан чыккан китептерди окушат.
Жалал-Абад шаарындагы мектептерде окуучулар 58% гана китеп менен камсыз болгон. Быйыл жаңыдан мектеп босогосун аттаган окуучуларга ата-энелер өздөрү китеп сатып беришкенин айтышууда. Билим берүү башкармалыгы жыл сайын мектептер жаңы китептер менен камсыз болду деп айтканы менен, адистер жаңы окуу куралдары окуу программаларына дал келбей жатканын айтышат.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Эрнист Нурматов
"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Айзада Касмалиева
"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.