Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстандын өзүнүн Жеңиш тасмасы болот


Жеңиш тасмасы
Жеңиш тасмасы

Кыргызстан быйыл 9-Май Жеңиш күнүнө карата иш-чараларда жаңы тасма колдонмой болду. Майрамды уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, эки сары сызыгы бар кызыл тасма Кыргызстандын мамлекеттик Туусуна түспөлдөш жасалат жана кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке кошкон салымынын символу болуп калмакчы.

Мурда Жеңиш күнү күрөң-сары түстөгү Георгий тасмасын тагынуу менен коштолуп келген болсо, соңку жылдары айрым тарыхчылардын, жарандык активисттердин билдирүүлөрүнөн кийин коомчулуктун пикири өзгөрүп, кызыл тасма тагынгандар көбөйүүдө.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” жарандык кыймылы Георгий тасмасы орус империясындагы колониализм жана үстөмдүк кылуунун символу деген пикирде. Ал эми коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Георгий тасмасы "илгерки орус падышачылыгынын символу, алар кыргыздарды басып алып, мыкаачылык менен кырган, кээ бир айылдардын күлүн көккө сапырып жиберген" деп айтып келет.​

Белгилүү тарыхчы Асыкбек Оморовдун айтымында, 1916-жылы кыргыздарда болгон Үркүн учурунда орус императору "Кимде ким жүз кыргызды атып өлтүрсө, ошол аскер Георгий ордени менен сыйланат" деп жарлык чыгарган.

Беларус, Украина, Молдова, Грузия жана Казакстан Георгий тасмасын жайылтуудан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG