Кыргыз-тажик сүйлөшүүсүнүн бул жолку өзгөчөлөгү эмне жана муну менен чек арада жаңжал болбойт деп кепилдик берүүгө болобу? Бул суроолорго жолугушууда кыргыз делегациясын жетектеген, коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жооп берди.
“Азаттык”: Абдырахман мырза, бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын кезектеги жыйыны аяктады. Анда талаш жараткан Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү жолду, Кулунду - Максат көпүрөсүнүн курулушун биргеликте баштоо боюнча протоколго кол коюлуптур. Биз билгенден, мындай протоколдорго мурдагы жолугушууларда деле кол коюлуп, бирок ишке ашпай келди эле. Бул жолкусунун эмне өзгөчөлүгү бар?
Маматалиев: Протоколдун негизги өзгөчөлүгү - курулуштун баарын бир күндө баштайлы деп чечтик. Башкача айтканда, Лейлектеги эки көпүрөнү жана Ак-Сай - Тамдык жолунун “төртүнчү вариант” делген Ак-Сайды айланып өтүп, Ворухка кетчү 3-4 чакырымдай жолду жана азыр курулушу жүрүп жаткан Ак-Сай - Көк-Таш жолунун талаш жараткан 70 сотуктай жериндеги курулушту бир күндө баштайлы деп жатабыз.
Курулуш башталар күнү ал жакка Тажикстандын вице-премьери келет, мен дагы барам. Бул буюрса 5-сентябрга чейин болушу керек. Барып элге: мына эки тарап чогу келдик, эч кандай талаш жок деп айтканы жатабыз. Антпесе, сиз айткандай ар бир жолу протоколго кол коюп, бирок курулуш башталарда эле тажик жарандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каршы чыгып жатышпайбы. Ошондуктан биздин сунуш менен эки тараптын бийлик өкүлдөрү барып, жалпы элдин алдында биргеликте баштамай болдук.
“Азаттык”: Демек, бул протоколду мурдагыдай курулуш башталар алдында карама-каршылык болбойт дегендин кепилдиги катары кабыл алсак болобу?
Маматалиев: Туура айтасыз. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү өзү келип, жарандарына түшүндүрсүн деп жатабыз. Биз жол курулушун баштарда жарандарыбыз менен кеңешип, алардын макулдугун алганбыз. Эми тажик тарап да ошондой түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл болуп турат.
“Азаттык”: Бул жолку жолугушууда 25-августта Лейлекте болгон чек ара чатагы тууралуу да сөз болот деп айтылды эле. Бул жаңжал боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алындыбы?
Маматалиев: Албетте, ал чатак тууралуу сөз жүрдү. Ал боюнча Аскердик прокурорлордун, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн маалыматын уктук. Жаңжалдын себебин иликтөө боюнча ыкчам-тергөө тобун түзүү тууралуу чечим кабыл алдык.
“Азаттык”: Ошол эле учурда тажик тарап бул чатакта эки жараны каза тапканын айтып жатпайбы. Бул үчүн алар жоопкерчилик маселесин көтөргөн жокпу?
Маматалиев: Тажик тарап андай талапты койгон жок. Эми ага ким күнөөлүү экени тергөө амалдары бүткөн соң билинет. Чатактын чыгышы боюнча өз позициябызды билдиргенбиз. Ага ким күнөөлүү, эмне үчүн каза болду? - деген суроолорго тергөөнүн жыйынтыгы менен жооп беришибиз керек.
“Азаттык”: Дагы бир көңүл бурчу нерсе, эки өлкө өкмөттөрү жолугар алдында эле ар кандай чатактар чыгып калып жатат. Мындан улам айрым адистер бул сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратуу боюнча чагым деп күмөн санап жатышат. Жыйын жүрүшүндө бул маселени көтөрдүңүздөрбү?
Маматалиев: Ал маселени биз да көтөрүп, тажик тарапка ачык эле ар бир жолугушуунун алдында чыр-чатак чыгып жатат, бул кокустукпу же атайын чагымбы? - деген суроо койдук. Бул суроону мурунку жолугушууда да бергенбиз. Мен айтып өткөн ыкчам тергөө топторуна ушул маселени да териштирүү тапшырмасы берилди.
“Азаттык”: Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу чыр чыгып, андан кыргыз жарандары жабыр тарткан учурлар болду эле. Анан тажик тарап күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, зыян тарткан мүлктү төлөп берүү милдетин алганын айттыңыздар эле. Бирок ал убадалар азыркыга чейин аткарыла элек...
Маматалиев: Биз азыркы жолугушууда ал маселени да койдук. Бул маселе боюнча Тажикстандын президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Шерали Хайруллоев комиссиянын мүчөсү эле. Ал дагы келген экен, ага эскертип, муну тездеткиле деп өтүндүк. Эми өзүңүз билгендей, 11-июлда болгон чырда тажик жараны каза болуп, кырдаал курчуп кетпедиби. Алар ошону себеп кылып, эл тынчысын деп айтып келишкен. Бул жолу болсо биз аны тездеткиле деп маселени кабыргасынан койдук.
“Азаттык”: Сиз бир катар маселелер көтөрүлүп, эки тарап макулдашканын айтып жатасыз. Ушул жолугушуу жыйынтыгы менен чатак азайып, мерчемделген жол курулушу уланат деп кепилдик бере аласыздарбы?
Маматалиев: Эми биздин негизги максат - Баткендеги жолдорду курууну баштоо. Акыркы эки жолугушууда бул курулушту баштоону макулдашып, так датасын да аныктаган элек. Бирок ар кандай кырдаалга байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Бирок биз аларды күтүп отура бербей, жол курулушун жандантканбыз. Ошондуктан жолдун курулушу башталганын бир жыйынтык деп атасак болот. Экинчиден, ошол жолду ким кураары, ага канча каражат кетээри аныкталып, алар табылган. Ошондуктан Ак-Сай - Тамдык - Көк-Таш жолун жана Лейлектеги Максат - Кулунду көпүрөсү курулса биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы болот жана аны биз аягына чыгарабыз.
“Азаттык”: Баткендин Ак-Сай айылы үчүн абдан чоң мааниге ээ бул айланма жолду качан бүткөрүүнү мерчемдеп жатасыздар? Мөөнөтү аныкталганбы?
Маматалиев: Аны тезирээк бүтүрүү боюнча чара көрүп жатабыз. Учурда жолду куруу боюнча бардык маселелер чечилген. Азыр иш жүрүп жатат. Биз кышка чейин бүтүрөлү деген планыбыз бар. Алгач машине жүрүүгө ылайыкташат. Кийинчерээк ага асфальт төшөлүп, башка жумуштары бүткөрүлмөкчү.
Курулуп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай жолунун схемасы
(Картаны басып, чоңойтуп көрүңүз)