Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Ата Мекендик согуштун акыркы баатыры көз жумду


Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстандагы акыркы баатыры Д. Асанов 88 жашында көз жумду. Баатырды акыркы сапарга узатуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүүдө.

Генерал-майор Дайыр Асанов 1943-жылы Харьков шаарынын алдындагы айыгышкан кагылышууларда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Ал эми согушка Дайыр Асанов 19 жашында аттанып, кармашты Сталинграддын алдында баштаганы өмүр баянында айтылганын Коргоо министрлигинен маалымдашты:


- Өзүнүн согуштук жолун Сталинград фронтунда замбиректин мээлемейчиси (наводчиги) болуп баштаган. Дон, Түштүк-Чыгыш, Степной, 2чи Украина фронтторунда согушка катышкан.Анын аскердик жеңиштери согуштук орден, медалдар менен белгиленген.

Дайыр Асанов 1922-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Согуштан кийин Ташкенттеги жогорку танктык окуу жайын, В.И.Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган. Аскердик кызматтарда, аскердик комиссарияттарда иштеген. 1985-жылдан тарта 1996-жылга чейин Бишкектеги аскердик-лицейди жетектеп турган. 2005-жылы ал лицейге Дайыр Асановду ысмы ыйгарылган.

Кыргызстан согуш ардагерлер уюмунун жетекчиси Тарас Токомбаевдин айтымында, Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры наамын алган акыркы көзү тирүү баатыр эле. Андай наамга 75 кыргызстандык татыктуу болгону белгилүү. Ал эми согушка жалпысынан Кыргызстандан 350 миңден көп киши аттанып, алардын 154 миңи каза тапкан.

Тарас Токомбаев Дайыр Асановду мындай эскерди:

- Сержант кезинде Ата Мекендик согушта Харьковдун алдында баатырдык наамды алган.Катардагы жоокерден баштап, генералга чейин өсүп келген киши болчу. Абдан татыктуу, жакшы киши болчу.

Дайыр Асановду анын окуучусу, Бишкектеги аскердик лицейдин подполковниги Кубанычбек Оморов мындай эскерди:

- Бул кишини окуп жүргөндөн бери билем. Ал патриоттулугу, акыйкатчылдыгы, адамгерчилиги менен өтө сыймыктангам кишим. Тартипти өтө бекем кармаган. Бизге ушундай мыкты тарбия берген. Биз ошонун тарбиясы менен уядан учуп чыкканбыз.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Дайыр Асановду акыркы сапарга узатуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, акыркы баатырды акыркы сапарга татыктуу узатуу жагы каралууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG