1-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Нью-Йорк – Ташкент –Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны Кыргызстанга кайтып келди”.
Тышкы саясий мекеме Вашингтондун маалыматына таянып, алар “Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалып, атайын мекемелерде турушканын” белгиледи.
Буга чейин АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) расмий Ташкенттин жардамы менен Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Казакстандан мыйзамсыз келген 100дөн ашык мигрант Өзбекстанга депортация болгонун кабарлаган.
Маалыматта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 131 мигрантты алып кетүүгө атайын чартердик каттам уюштурганы айтылат.
Кыргызстандын ТИМи “чет мамлекеттердин, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык мыйзамдарын бузуу — депортация, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуу жана башка чектөөлөр сыяктуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн” эскертти жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.
АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2024-жылы Кошмо Штаттардан 271 миң 484 мигрант депортацияланган. Алардын ичинде Өзбекстандын 572, Тажикстандын 77, Кыргызстандын 69, Казакстандын 23 жана Түркмөнстандын 5 жараны бар.
Февраль айында Кошмо Штаттар Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаган. Алардын арасында Өзбекстандын жарандары бар экени кабарланган. Көп өтпөй Коста-Рикага АКШдан 200дөй мигрант депортация болуп, анын ичинде Казакстандын жана Өзбекстандын да жарандары бардыгы айтылган.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Ал 20-январда кызматка киришенкен күнү эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Андан бери жүздөгөн мигрант депортация болду.
Шерине