Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери ооруканадагы Айжигитовдон кабар алышты


Султанбай Айжигитов. Архив
Султанбай Айжигитов. Архив

Кыргызстандын Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери ооруканага барып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдон кабар алышты. Бул тууралуу мекеменин 1-майдагы билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, кызматкерлер барган учурда “дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүп жатышкан”.

Акыйкатчы Институту 30-апрелде Айжигитов Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылганын, эртеси Улуттук травматология жана ортопедия борборуна которулганын, кийин кайрадан ооруканага жеткирилгенин билдирди.

30-апрелде УКМКнын кызматкерлери Айжигитовду аялы Гүлзат Жолдошова менен кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кашы жарылган, аялы экөөнүн колу көгала экени тартылган сүрөттөрү соцмедиага чыкты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Боршайком мандатынан ажыраткан Айжигитов жана анын жубайын кармоо учурунда денесинен жаракат алды деген маалыматтарды четке какты. Ал 1-майда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда тартылган деген видеону жарыялады.

“Колундагы көгала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинеге отурбай жулкулдашып жатканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат... Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан”, - деп жазды ал.

УКМК Айжигитовго жана жубайы Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат Айжигитов жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.

Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин билдирип, “саясий куугунтукка” кабылганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Динара Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.

30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Айжигитов менен аялы Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

67 жаштагы Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыратылган. Ал мунун баарын "саясий куугунтук" деп атап келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG