Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Индия аба мейкиндигин Пакистандын бардык каттамдары үчүн жапты


Индиялык аскерлер Кашмирдин Дели көзөмөлдөгөн бөлүгүндө. 29-апрель 2025-жыл
Индиялык аскерлер Кашмирдин Дели көзөмөлдөгөн бөлүгүндө. 29-апрель 2025-жыл

Индия аба мейкинидигин Пакистандын бардык каттамдары үчүн жапты. 30-апрелде күчүнө кирген бул чара 23-майга чейин уланмакчы. 22-апрелде Кашмирдеги теракттан 25 турист, арасында индиялык жарандар каза болгондон кийин эки өлкөнүн мамилелери кескин начарлап кеткен.

Дели Исламабадды талашка түшкөн Кашмир аймагындагы террористтерди колдойт деп айыптады. Индиянын өкмөтү кол салгандардын арасында пакистандык эки киши болгонун билдирген. Исламабад муну четке кагып, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырууда.

Авиакаттамга тыюу салуу чыңалуу күчөгөн учурдагы кезектеги чара болуп калды.

Буг чейин Индия суу келишиминен чыкканын жарыялаган, пакистандыктардын визаларын жокко чыгарган жана өз жарандарына кошуна өлкөгө барбай турууну эскерткен. Натыйжада Пакистандын 800дөй жараны Индиядан чыгып кетти, виза келишими токтогондон кийин бир жарым миң индиялык мекенине кайтты.

Жооп катары Исламабад индиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаап, эки тараптуу сооданы токтоткон.

26-апрелде эки өлкөнүн аскерлери Кашмирде ок атышканы кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG