Иранда Израилдин пайдасына "тыңчылык кылган" жана Ислам революциясынын сакчылары корпусунун жогорку өкүлүн өлтүрүүгө аралашкан делген Мохсен Лангарнишин соттун өкүмү менен дарга асылды.
30-апрелдеги билдирүүдө Ирандын сот бийлиги ал “Моссаддын (Израилдин атайын кызматынын) Ислам жумуриятындагы бир нече операциясын колдогонун” белгиледи.
Лангарнишин үч жыл мурун Сакчылар корпусунун полковниги Хасан Саяд Ходаеиге кол салуудан тышкары 2023-жылы Исфахандагы аскердик заводго коюлган дрон соккусуна катышкан деп күнөөлөнгөн.
Сот бийлиги ал Моссаддын жогорку офицери менен Грузия жана Непалда жолукканын жана тыңчылык машыгуусунан өткөнүн кошумчалады.
Ирандагы адам укуктарынын абалына адистешкен чет өлкөдө жайгашкан HRANA жаңылыктар сайты 28-апрелде Лангарнишин ишин сотто кайра кароо жөнүндө үч арыз бергенин, бирок бардыгы четке кагылганын жазды.
HRANA маалымдагандай, атасы Масуд Лангарнишин уулу “адилетсиз сот жараянында” өлүм жазасына өкүм кылынганын, ишинде “бир топ укуктук кемчиликтер болгонун” айткан видео чыгарды.
Лангарнишинге жакын булакка таянып, маалымат каражаты “ал камакта отурганда кысым астында Саяд Ходаеинин көзүн тазалоого аралашканын моюнга алган” деп жазды.
Полковникти Тегерандагы үйүнүн сыртында атып кетишкен. Израилдин медиасы аны “израилдиктерди жана жөөттөрдү өлтүрүү кутуму” артында турган адам катары сыпаттаган.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун 29-апрелдеги отчетунда Иранда өткөн жылы “өзүм билемдик менен" жүздөгөн киши дарга асылганы, “бийлик өлүм жазасын нааразылыгын билдиргендерге, диссиденттерге жана этностук азчылыктарга каршы саясий куугунтуктун куралына айландырганы” айтылат.
Шерине