«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусуна парламент депутаттары, социал-демократиялык фракция мүчөсү Дамира Ниязалиевa, «Акжол» фракциясынан Гүлнара Дербишева катышты.
- Ушул жылдын башында февраль айында парламент “Манас” абамайданындагы аскердик базаны чыгарууга байланышкан мыйзамдык жөрөлгөлөрдү аягына чыгарган. Бирок да база башкача аталышта калышы мүмкүн экендиги ошондо эле айтыла баштаган. Гүлнара айым, мынабул Транзиттик борбор ошол базанын өзгөртүлгөн түрүбү же бул таптакыр башкача түзүмбү?
Гүлнара Дербишева: - Биз бул маселени фракцияда абыдан катуу талкууладык. Мурдагы келишимдер жокко чыгарылган. 22-июнда кол коюлуп, 25-июнда парламентте жактырылган келишимдер - булар таптакыр жаңы келишимдер. “Манас” абамайданында жаңы түзүм, жаңыча статустагы борбор аскердик эмес жүктөрдү кабыл алат. Бул Кыргызстандын Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга кошкон салымы. Азыр Пакистандагы Сват өрөөнүндөгү абал кандайлыгын жакшы билесиз. Жаңы келишим Кыргызстандын Америкага, НАТОго эларалык террорчулукка каршы күрөштө кошкон салымы.
- “Манас” абамайданындагы антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу маселеси козголгондо парламенттеги социал-демократтар фракциясы каршы чыккан. Мен Транзиттик борбордун статусу жөнүндө сурагым келет. Ал жерге деле аскердик учактар менен жүктөр ташылып келип аны аскер адамдары түшүрүп жүктөп турушабы? Аскер адамдары болгондон кийин жанында курал-жарагы болот дегендей...
Дамира Ниязалиева: - Келишимдерди өткөндө жокко чыгарып жатканда биз чыгарбаш керек, деп бир тобубуз айтканбыз. Кыргызстандын коопсуздугун ойлосок базаны чыгарбашыбыз керек эле. Тилекке каршы, келишимдерден чыгып кеттик. Мына эми арадан 6 ай өтпөй калтырылсын деген пикир болуп жатат. Коопсуздукту ойлосок бул келишимдер туура эле. Анан бу жаңы келишимдер деле эски келишимдей болуп түзүлгөн. Андан эч кандай деле айырмасы жок. Айырмасы ижара акысында эле. Эмнегедир мурунку келишимдердеги терс көрүнүштөр бул ирет деле эске алынбаптыр.
- Гүлнара айым, акча демекчи, мурдагы 17,4 миллион доллар ордуна бул ирет 60 миллион доллар алышыбыз чоң жетишкендик катары сыпатталып жатат. Анткен менен бул жерде Кыргызстан имиджине, кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган бир маселенин башы чыгууда. Акча төлөнсө өлкө мурдагы позициясынан айнып, тескери айланып кете берет экен, деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн го.
Гүлнара Дербишева: - Андай түшүнүк калбайт. 2006-жылы президентибиз а кезде алынчу 2 миллион доллар ижара акыны 250 миллион долларга көтөрүш керек, деген маселени коюп жатты. Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Акыркы 17 миллион доллар деле чынында аз болчу. Анан бизде ири америкалык инвестиция жок, биргелешкен өндүрүш жок. Ири долбоорлор жок. Ошондой эле экологиялык орчун маселелер, биздин Иванов деген жараныбыздын өлүмү, аскер кызматкерлеринин шаардагы окуялары, жол кырсыгы, жарадар кылуу фактылары көп болуп жатты. Ошонун баары жыйылып отуруп сынчыл маанайдын жаралышына көмөк берди. Албетте, 60 миллиондон деле көп акчаны талап кылса болот эле. Биз билебиз АКШ террорчулукка каршы күрөшкө кетчү каражатты үч эсе көбөйттү. Аны Конгресс менен Сенат колдогон. Азыркы каржылык каатчылык маалында 17 миллиондон 60 миллионго көбөйтүү деле жакшы. Бул ирет Өнүгүү фонду түзүлүп, ага 20 миллион доллар бөлүнгөнү турат.
- Дамира айым, өкмөт кол койгон келишимдерди абдан тез кабыл алып бердиңиздер. Анын себебине токтоло кетсеңиз. Мурда базаны чыгарууну талап кылып жаткан депутаттар бул ирет өздөрүн кандай сезишти? Саясий кызыкчылыкка келгенде эле парламент ушундай ыкчам иштеп калабы же бул парламенттин азыркы иш стилиби?
Дамира Ниязалиева: - Азыркы парламент партиялык система боюнча иштеп жатат. Партиялык тартип деген бар. Ошон үчүн чечимдер ушинтип тез кабыл алынып жатат. Келишимдерди талкуулап, аркыл пикирлерди угуп, туура эмес жерлерин көрсөтүп кайра өкмөткө жөнөтсө болмок. Парламент элдин пикирин, үнүн өкмөткө жеткирчү бийлик. Бирок келишимдер партиялык тартипке ылайык тез арада кабыл алынды. Менин кейигеним эле бул. Биз келишимдерди жокко чыгарып жатканда биртоп көйгөйлөрдү айтып, Иванов өлдү, экологиябыз бузулуп жатат, деп чыккандар болгон. Акчаны аз төлөшөт дешкен. Кетириш керек дешти. Анан кайра калтырып жатканда ошонун баары унутулуп калды. Жок дегенде “өй, өткөндө момундай дедик эле” дешке эч ким жарабады го. Өкмөт ошондо айтылган мобу нерселерди оңдодук, момундай кылдык деп жаңы келишимдерди түзсө болмок. Эми эларалык келишимдерге көп нерселерди киргизген болбойт экен, деп айтып жатышат. Эмнеге болбойт? Өзүбүздү шарттарыбызды коркпой эле койсок болмок. Америкалыктар деле өз коопсуздугун ойлоп жатышат. Алар Кыргызстандын мыйзамдарына таптакыр баш ийбей турган болуп жатышпайбы. Бир нерсе болсо өздөрүнүн гана мыйзамынын чегинде жооп беришет, жаза алышат. Мен буга таптакыр түшүнбөйм. Анан Транзиттик борбор деп атабыз. Канча миллиондогон долларлык жүктөр келет. Алардан эмне үчүн салыктарды албайбыз? Өзүн-өзү сыйлаган өлкөдө салыкты баары төлөйт. Азыр болсо борбор бардык салыктардан бошотулган. Экологияны тигиндей-мындай кылабыз деп жатышат. Аны деле көрөбүз го. Келишимдерде улуттук кызыкчылыкты башына коюшубуз керек. Келишимдер 5 жылга каралып жатпайбы. 5 жыл иштейт, бирок жыл сайын узартылып турат. Анан эларалык баалар менен санаганда 60 миллион доллар деле өтө аз акча. Негизи база керек. Ал коопсуздук үчүн зарыл. Бирок эмдиги жылы өкмөт келишимдерди узартканда ушундай маселелерди алдыга коюшу керек. Баалар меенн салыктарды караса жакшы болмок.
- Гүлнара айым, силердин фракцияда ушул маселе козголдубу? Себеп дегенде, өтөле көп жүк Кыргызстан аркылуу ташылып өткөнү турат.
Гүлнара Дербишева: - Бул маселелер биздин фракцияда абдан катуу талкууланган. Дамира Абаскановна айткан масел елер бизде да айтылган. Бирок өкмөт эски келишимдерден чыккан сабактарды бул ирет эске алды деп ойлойм. Жаңы келишимде эске алынган маселелерге, мисалы, экологиялык проблемаларды алалы. Эми экология боюнча кош тараптуу комиссия иштейт. Анда өз ишин мыкты билген адистер иштейт. Бизде аэронавигациялык жабдуулар да абдан эскирген. Алар жаңыланат. Булар өздөрүнүн учактары учуп-конуучу жаңы тилке курганы жатышат. Ал негизги тилкеге тоскоол болбош үчүн салынмакчы. Эски келишимдерден жаңылары көп жагынан мыкты.
- Дамира айым айтып жаткан 60 миллион долларды кайсы бир маалымат агенттиги бир жарандык учактын баасы деп жазып чыкты. Ооганстандагы абал жөнүндө кеп кылсак. 4 ай ичинде ал жерде кескин өзгөрүүлөр болуп кеттиби? Мен бир келишимдердин жокко чыгарылып, экинчилерине кол коюлушун айтып жатам.
Дамира Ниязалиева: - Абдан начарлап кетти. Анын коркунучу бизге да тийиши мүмкүн экендигин айтып жатышат. Пакистандагы абалды билесиз. Биздин түштүктөгү окуяны алалы, экстремисттер менен атышуу болду. Бизге тынчтык керек. “Манас” абамайданында күчтөр турса ал биздин коопсуздугубуздун сакталышына оң таасир тийгизет. Бул өзү өтө жакшы. Негизи муну колдош керек.
- Гүлнара айым, сизге деле ушул суроо.
Гүлнара Дербишева: - Негизи эле кийинки кездери эларалык террорчулук менен жикчилдик күчөп баратат. Пакистандын Сват өрөөнүндөгү абалды эле айталы. Бизде чек ара проблемасы да бар. Болгону Кытай, Казакстан менен чек арабыз аныкталып-такталып бүткөн. Өзбекстан, Тажикстан менен азырынча андайга жетише элекпиз. Эларалык террорчулар менен экстремисттердин биздин аймакка кирип келиш коркунучу дагыле чоң бойдон калууда. Ирандагы кырдаал да оорлошуп баратат.
- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин студияга келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!