Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Полковник К.Бенс: "Манас" базасын чыгарууга буйрук бериле элек


Азырынча Манас аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча буйрук бериле электигин мурдагы командачы К.Бенс журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле бул маселени кыргыз президенти К.Бакиев менен АКШ президенти Б.Обама чечишерин белгиледи.

Бүгүн Манастагы АКШнын аба базасында жаңы командачы Блейн Холт дайындалганына байланыштуу, жаңы жетекчи менен базанын мурдагы командачы Кристофер Бенс журналисттер менен жолугушту.

«Манас аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча буйрук бериле элек”,- деп билдирди АКШ баш болгон антитеррордук коалициялык күчтөрдүн мурдагы командачысы Кристофер Бенс.

Ал АКШнын аба базасы Кыргызстандын аймагында калтырылышына үмүт артаарын, аба базасынын чыгарылышы же чыгарылбашы тууралуу эки мамлекеттин президенттери Барак Обама менен Курманбек Бакиев чечишерин билдирди.

-Бул маселе боюнча бир катар мамлекеттер өздөрүнүн сунушун айткан. Биздин максат болсо биз бул жерде өз милдетибизди аткарууну уланта беребиз. Качан бизге каякка кетерибизди, качан кетерибизди айтканда гана биз кетебиз.

Кристофер Бенс Ооганстандагы кырдаал жакшырып баратканы менен АКШнын аба базасы өзүнүн таасирин жогото электигин, учурда кызмат өтөө улантылып жатканын, эгерде базаны чыгарып кетүүгө буйрук берилсе Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишерин айтты.

Плковник Бенс эгерде авиабаза чыгарылып кетсе, бул жерде курулган имараттардын бардыгы кыргыз элине, "Манас" аба майданына калтырыларын белгилеп, үстүбүздөгү жылы аба база кыргыз экономикасына 60 миллион доллар киреше киргизгенин, дагы 50 миллион доллар кошууга даяр экендиктерин билдирди.

-Мени тынчсыздандырып жаткан нерсе, бул жерде иштеген 600 жергиликтүү калктын тагдыры. Эгерде база жабылса аларга, алардын үй-бүлөсүнө жеңил болбойт,-деди Бенс.

Коомчулукта "Манас" аба базасын чыгаруу же чыгарбоо маселеси кайра-кайра козголуп, расмий бийлик Ооганстандагы кырдаалды күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен экономикалык байланыштар аркылуу чечүү керек деген демилгени көтөрүп чыкты.

Жогорку Кеңештеги бийликчил “Ак жол” фракциясы АКШ баш болгон коалициялык аскер күчтөрүнү учактары Чүй өрөөнүнө экологиялык коркунуч келтирип, экономикага жарытылуу салым кошпогонун, анын бир жоокери Кыргызстандын атуулун атып салып жоопко тартылбаганын, дагы бир кызматкери авто унаа менен адам тебелеткен фактыларды айтышып, базаны чыгаруу маселесин “кабыргасынан” коюшкан.

Кыргызстан коммунисттери партиясынын лидери Исхак Масалиев болсо АКШнын аба базасынан экономикалык пайда көрүү максатын
көздөбөө керектигин айтып, базаны өлкө аймагынан чыгаруу тууралуу партиянын жана өзүнүн көз карашы өзгөрбөстүгүн белгиледи.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбаев дагы АКШнын аба базасы боюнча кыргыз өкмөтү келишимди жокко чыгаргандан кийин 180 күндүн аралыгында өлкө аймагынан чыгарылып кетиши керек деп эсептейт.

-Бул боюнча кошумча эч кандай макулдашуунун, башка келишим түзүүнүн кереги жок. Мурдагы келишимде жазылып калган. Ага ылайык 180 күндөн кийин 18-августта база чыгып кетиши керек.

Бекбосун Бөрүбаев АКШ дүйнөдөгү өтө агрессивдүү ар кандай кыймылдарга барып, башка өлкөлөргө өзүнүн күчүн колдонуп жатканы Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербестигин, АКШга караганда Орусиянын Канттагы аба базасы аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга ишенимдүү өнөктөш деген пикирде.

-Анткени, биз ЖККУнун мүчөсүбүз. Кечээ Москвада “ЖККУ алкагында ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөр" боюнча кол коюшуулар болду. Анткени биз аймактык коопсуздук боюнча түзүлгөн эл аралык уюмга мүчөбүз. Бул жагынан мунун укуктук базасы бар.

Бир катар саясий партиялар, жарандык коомдун өкүлдөрү Пакистандын талибдер менен болгон кагылышуусу күчөп баратканынан улам АКШнын аба базасын Кыргызстанда калтыруу керектигин айтышууда.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде АКШ аба базасынын Кыргызстандын аймагында жайгаштырылышы өлкөнүн коопсуздугу үчүн абдан маанилүү. Божомолдорго караганда база Кыргызстандын аймагында калтырылшы мүмкүн, дейт саясатчы.

- Ары бери өтүүгө ылайыкташтырылган база болуп, гуманитардык жана башка жүктөрдү Ооганстанга ташып жеткирүү үчүн башка форматта калат. А мурдагыдай аскер контингенттери, тез учактары кетирилет.

Айрым талдоочулар АКШнын аба базасын өлкө аймагынан чыгаруу тууралуу кыргыз бийлигинин чечими ойлонулбаган чечим деп эсептешип, президент башка мамлекеттердин кысымынын астында ушундай кадамга барганын айтышууда.

Кээ бир байкоочулар болсо бийлик ижара акысын эки эсе жогорулатуу максатында, коопсуздук маселесинен дагы экономикалык кызыкчылыкты жогору коюп базаны чыгарууга барышканын белгилешүүдө.

Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде мамлекет башчысы Курманбек Бакиев шейшемби күнү ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыш жана "Манас" базасы боюнча сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG