Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Б.Бекешов: “Мешке чабуул” операциясы башталганы турат


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген ачкачылык жарыялаган журналист Бейшенбек Бекешовдун айтымында, жоон топ милиция кызматкерлери келишип ачкачылык жарыялаган адамдар жылынып турган мешти алып кетүүгө кам көрүшүүдө. Кечээ Бишкектеги М. Горькийдин эстелигинин жанында УТРКнын кызматкерлери Бейшенбек Бекешов, Алтынбек Жумаев, Шайыр Абдырахманов, Жайнагүл Максимова жана Коррупцияга каршы күрөшүү кыймылынын жетекчиси Назарбек Нышанов президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловду жана УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен ачкачылык акциясын башташкан. “Түнү менен Горькийдин эстелигинин жанында турдук. Бийлик тарабынан эч кандай көңүл бурулган жок. Азыр милиция кызматкерлери келип, биз жылынып турган мешти от жагууга уруксат жок деп алып кеткени жатышат”,-дейт Б. Бекешов. (AJ)

XS
SM
MD
LG