Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

«Ирактын уулдары» ишенимге муктаж


Самаррадагы «Ирактын уулдарынын» мүчөсү (оңдо) көзөмөл бекетинде турат
Самаррадагы «Ирактын уулдарынын» мүчөсү (оңдо) көзөмөл бекетинде турат

Шийилер басымдуулук кылган Ирак өкмөтү азыр “Ирактын уулдары” менен байланыштуу жаңы көйгөйлөр алдында турат. Анын чечилиши өлкөнү же бириктирет, же, тетирисинче, жикчи топтордун күчөшүнө алып келет.

"Негизги көйгөйлөрдүн бири айтылуу «Сунни үч бурчтугундагы» «Ирактын уулдарына» көзөмөл жүргүзүү вазыйпасын америкалыктардан эми Ирак өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүдө турат," - дейт «Азаттыктын» комментатору Ричард Томкинс (Richard Tomkins).

Процесстин өзү анча деле татаал эместей. Анткени буга чейин андай тажрыйба Багдатта колдонулуп, 50 миңдей шийи жана сунни куралчандары расмий бийликтин коопсуздук күчтөрүнө өткөн.

Бирок кыйынчылыктын баары аларга ишенимдин арсар экендигинде болуп жатат.

«Биз Ирак өкмөтүнө ишенбейбиз, - дейт Салахаддин вилоятындагы сунни «Ирак уулдары» бирикмесинин лидери Ахмед Хомид Мухаммед Ал-Жабори (Ahmed Hamid Mohammad al-Jabouri). – Алар бизге ишенбейт, анан кантип биз аларга ишенишибиз керек? Алар бизге олуттуу мамиле жасашпайт».

Ал эми аталган уюмдун Самарра шаарындагы лидери Хаким Разактын (Hakim Razak) айтымында, алар Ирак өкмөтүнө караганда, америкалыктарга көбүрөөк ишенишет. «Биздин оюбузча, Ирак өкмөтү Иранга баш ийет. Бул шаар суннилерге карайт, бирок Ирактын өкмөтү шийилердики».
Биз Ирак өкмөтүнө ишенбейбиз...


Бул эки адамдын пикири жалпы Салахаддин провинциясындагы коопсуздук топторунун жетекчилериндеги ойду бергенсийт. Дал ушул аймактагы «Ирак уулдарына» көзөмөл жай айларына чейин америкалыктардан Ирак өкмөтүнө өтүшү керек деп күтүлүп жаткан учур.

Ирак өкмөтүнүн карамагына өтүү аталган бирикменин адамдары үчүн азыр өтө кычык маселе болуп бараткансыйт. Журналисттер менен бул боюнча сүйлөшкөндө куралчан ошол топтордун лидерлери кыжаалаттана башташканы сезилет. «Аль-Каида бизди жок кыла албай жүрөт. Биз таркасак эле, өлгөнүбүз ошол», - дешет алар.

«Ирактын уулдары» деген өзү эмне?

«Ирактын уулдары» деген топ өзү баштап Анбар провинциясындагы улутчул суннилердин «Сахава» (же Сунни Боштондугу) деген кыймылдан жаралган. Аны мурда «Жагдайга кооптонгон жергиликтүү жарандар» деп аташчу. Ал сунни тайпаларынан турат. Айрымдары мурда америкалыктарга каршы согушуп келишти. Кийин «Аль-Каидага» каршы курал көтөрүп чыгышкан.

«Ирактын уулдары» америкалык аскерлер менен турушат
Кийинчерээк алар америкалыктарга менен байланыш түзүп, 2007-жылдан тарта АКШнын көзөмөлү астында куралчан топторду түзүүгө үлгүрүштү. Бул тажрыйба андан ары «сунни үч бурчтугунда», атап айтканда, Ирактагы «сунни үч бурчтугу» деп аталган аймакта, жана андан башка жактарда да колдонула баштады. Багдатта болсо «Жагдайга кооптонгон жергиликтүү жарандар» тобу Кошмо Штаттардын жикчилерге каршы күрөшүндөгү стратегиясынын бир бөлүгүнө айланды.

Барган сайын бул топтор өздөрүнүн чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүп, «Аль-Каиданын» жолун жапты. Андан сырткары, америкалык жана Ирак коопсуздук күчтөрүнө тыңчылары аркылуу баалуу маалыматтарды да жеткирип туруучу күчкө айланды.

Бул өңдүү топтун дагы бир маанилүү утушу – ал жикчи күчтөр арасында жумушсуздук маселесин чечти. «Ирактын уулдары» бирикмесинде эң эле аз айлык 300 доллардын тегерегинде. Дал ушул жагдай борбордук Ирак өкмөтүн кыжаалатка салды көрүнөт. Анткени барган сайын бул күч Ирактын расмий бийлигине коркунуч келтирген куралчан топко айланат деп кооптонушат.

Ишенимсиз убада

АКШ Ирактан акырындап аскерий күчтөрүн чыгара баштагандан тартып коопсуздукту камсыздоо милдети Ирактын өзүнө жүктөлөт. Андыктан «Ирактын уулдары» өңдүү куралчан топторго көзөмөл да Ирак бийликтерине өтмөкчү. Келишимге ылайык, бул топтогу мүчөлөрдүн 20% Ирак полициясы менен армиясына алынат. Калгандары мамлекеттик башка иштерге, же акы төлөнүүчү окутуу программаларына тартылышат.

«Өкмөт бул адамдарды көчөдө калтырбайт», - деди пенсиядагы ирактык генерал-майор Мудхер Алмаала (Mudher Almaala). Ал азыр Багдатта ошол куралчан топторду Ирак коопсуздук күчтөрүнө алуу боюнча иштеп жатат. Бирок ал топтогу адамдардын өздөрү Ирак өкмөтү аларга биринчи айлары айлыгын берген күндө деле, акырындап алдап коюшу толук мүмкүн деп кооптонуп турушкан чагы. Буга, бир чети, Ирак өкмөтүндөгү коррупция, экинчи четинен, бул топтогу адамдарга ишенимдин жоктугу себеп болуп бериши ыктымал.

«Андыктан азыр бул процесстеги негизги маселе аларга ишенимдин канчалык экенинде турат», - деп оюн жыйынтыктайт комментатор Ричард Томкинс.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG