Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

ОРУСИЯ: РОК МУЗЫКАСЫНЫН САЯСАТТАГЫ ОРДУ


Орусияда Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp президент болуп шайлангандын эртеси атактуу рок жылдызы Андрей Макаревич жана анын "Машина времени" деген тобу Кызыл аянтта Кремлди колдогон жаш активисттердин сүрмө тобуна концерт берген эле. Мындан эки күндөн кийин ДДТ рок тобунун жетекчиси Юрий Шевчук Санкт-Петербургда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун, "Макул эместердин" жүрүшүнө кошулду. Ошентип Орусияда рок музыкасы кайрадан саясий кырдаалдын лакмус кагазына айланууда.

Шайлоодон бир нече күндөн кийин Андрей Макаревич “Эхо Москвы” үналгысына маек бергенде 100дөн ашык угарман электрондук кат жөнөтүштү. Алардын дээрлик бардыгы анын Кремлчил концертке катышканына нааразы болушту.

“Любэ” сыяктуу патриоттук топторду түшүнсө болот, бирок сен кантип ошол жакка бардың?" деп суроо салды Санкт-Петербургдук Евгений деген ишкер.

Макаревич интернеттеги өздүк сайтында ал концерт үчүн уялбай тургандыгын белгилеп, “Чайф”, “Сплин” жана башка топтор деле уялды деп ойлобойм, эч ким бизди күчкө салган жок" деп жазды.

Рок музыкасы Орусиянын саясатында дайым өзөчө роль ойноп келген. 1996-жылдагы президенттик шайлоонун алдында ал кезде бийликтеги Борис Ельциндин командасы концерт уюштуруп, жаштарды шайлоого үндөшкөн. Ошондо Ельцин өзү да сахнага чыга калып, бийлеп жиберген. ДДТ тобунун жетекчиси Юрий Шевчук ошондо эле ал концерттерге катышуудан баш тарткан.

Башка саясий топтор да өз таасирин көтөрмөлөө үчүн рокко кайрылышкан. 1993-жылы Коммунисттик партия «Гражданская оборона» тобунун катышуусунда рок-концерттерди өткөрүшкөн. Ал эми 2000-жылы Бит-Битва фестивалында «Яблоко» фракциясын колдогон концертине кырма баштар келгенде, мушташ чыккан.

«Азаттыктын» орус кызматы менен маегинде Юрий Шевчук Москвадагы Кремлди колдогон концертке Андрей Макаревич өңдөнгөн өзүнө курбалдаш ырчылардын катышканына өз пикирин мындайча билдирди:

- Мен эч ким менен урушкум келбейт, бирок кесиптештеримдин руханий эсепчилдиги капалантат. Алар үйдө бирди, сахнада башканы сүйлөшөт. Жалган айтуу, калп менен жашоо рок да, рокн-рол да эмес. Бул туура эмес.

Белгилүү музыка таануучу Андрей Тройицкийдин айтымында, "Макаревичтин аткаминерлердин арасында бай жана таасирлүү көп достору бар".

Ал ошондой эле Шевчуктун Санкт-Петербургда "Макул эместердин" жүрүшүнө катышканын эр жүрөктүк деп баалады. "Мындан кийин аны кирешелүү той-топурга, корпоративдик кечелерге чакыруу азаярын бөркүңүздөй көрүңүз", дейт музыка таануучу.

Сүрөт rocumentaries.com интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG