Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН ӨКМӨТҮ КАНДАЙ БОЛОТ?


Кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө байланышкан парламенттеги талкуу өлкөнүн коомдук-саясий чөйрөсүнүн көңүл чордонундагы башкы окуя болду. Бирок, үч күнгө созулган талкуудан жыйнактуу тыянак чыкпай, парламент талкууну дүйшөмбүгө чейин токтото турууга аргасыз болду.

Өкмөттүн сунушуна ылайык президент 30-январда парламентке сунуш кылган долбоорду адегенде премьер-министр Азим Исабеков комитет төрагалары менен шаршембиде бейформал маанайда талкуулаган. Анын негизинде премьер министр расмий сунуш кылынган долбоордун өзгөртүлгөн вариантын комитеттердин 1-февралдагы талкуусуна алып келген. Бирок, депутаттарды расмий сунуш кылынган долбоор да, өзгөртүлгөн бейрасмий долбоор да канагаттандырган жок. Негизинен депутаттар өкмөт чаржайыт, ашкере чоң түзүлүп калган, мыйзамдарга эмес, кандайдыр бир жеке инсандарга ылайыкталган, саясий кызыкчылыктарга азгырылган деген өңдүү дооматтарды айтып жатышат.

Долбоорго караганда өкмөт президиумдан, министрликтер менен мамлекеттик комитеттерден, администрациялар менен тармактардан жана чарбалык мекемелерден түзүлөт. Бул төрт баскычтуу түзүмдү премьер-министр башкарат жана чукул маселелерди өкмөт президиуму чечет. Долбоорго болжол менен жыйырмага жакын министрлик, беш комитет, он эки агенттик киргизилген. Ал эми өкмөт алдындагы чарбалык мекемелердин саны Конституциянын жаңы редакциясына ылайык президенттин карамагындагы чарбалык субьекттердин эсебинен көбөйтүлгөн.

Өкмөттүн түзүмү ашкере чоюлуп кетти деген депутаттар өз дооматтарын ар кыл өңүттө негиздеп жатышат. Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков, маселен, кайталанган структуралар көбөйүп калган дейт:

- Мындан мурдагы структура менен кечээки структураны салыштырып көрдүм. Эмне үчүн кыскарбай атабыз. Эмне үчүн оперативдүү, мобилдүү, өзү тейлеген тармакка жооп бере турган министрликтер түзүлбөй жатат. Ал министрликтин алдында ошол эле милдет аткарган үч-төрт агенттик калып атат.

Акматбек Келдибековдун көз карашында министрликтердин милдеттери күчөтүлгөн эмес:

- Министр бир нерсеге жоопкерчиликтүү министр болушу керек. Качан гана жоопкерчилиги күчтүү, бир нерсени чече турган, ошол тармакты толук башкара турган министр болгондо гана биз алдыга жылабыз. Азыр министрлик деп түзүп койдук, ага кире турган тармактык агенттиктерди өзүнчө бөлүп чыгып, министр кылып коюп атабыз. Мамагенттик, мамкомитеттин чоңу ошол өкмөттүн мүчөсү эле болбогону менен, министрдикиндей укугу бар. Ал эч качан министрге баш ийбейт. Ошон үчүн ушунун бардыгын министрликтин алдына киргизиш керек. Министрдин ролун күчөтүп, талапты министрге катуу коюш керек.

Айрым депутаттар бири-бирин кайталаган өз алдынча мамлекеттик органдардын түзүлүшү, бири-бирине коошпогон тармактардын бириктирилиши өңдүү көрүнүштөрдү жеке кызыкчылыктарга байлашууда. Конституциялык түзүлүш, мамлекеттик мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Искак Масалиевдин оюнда мындай кызыкчылык жеке эле мамлекеттик кызматкерлердин эмес, депутаттардын арасында да болушу мүмкүн:

- Бул жерде жеке кызыкчылык бар. Мына, журналисттер, силер айтып атасыңар го бир топ депутаттар кызмат алабыз деп аракет кылып атышат деп. Кызмат албаса деле алардын тааныштары, туугандары бар да. Ошол кызмат алабыз дегендерге ылайыктап, структураны өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк болуп атат. Ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланабыз деген максат менен кээ бир депутаттар кылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев да өкмөттүн структурасындагы чаржайыттыкты ушул жагдай менен байланыштырды. Бирок, ал өкмөттүн түзүмү ашкере кеңейтилип кетти деген көз карашты жактабайт. Депутаттын оюнда президенттин карамагындагы мекемелердин өкмөттүн карамагына өтүшү ушундай түшүнүк калтырышы мүмкүн:

- Өкмөт түзүмүнүн чоңойгондой көрүнгөнүнүн себеби, жаңы Конституция боюнча экономикалык блоктун бардыгы премьер-министрдин карамагына өткөндүктөн, мурдагы борбордук органда жүргөн мамагенттиктер, тармактар өкмөттүн карамагына өткөндүктөн болуп атат. Бирок, эң башкы механизм –2007-жылдын бюджетин бекитип атканда бардык чыгымдарды мурдагыдан ашырбаган чекте бекитебиз. Ошондо эле көрүнүп калат.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык кирешелүү бир катар мамлекеттик мекемелер премьер-министрдин карамагына өттү. Премьер-министр Азим Исабековдун билдиргенине караганда, президент азыр төмөнкү органдарды тикелей көзөмөлдөйт:

- Президенттин карамагында коопсуздук кеңеши, эсеп палатасы, улуттук банк, улуттук статкомитет, соцфонд, каржы көзөмөл агенттиги, инвестиция боюнча мамлекеттик агенттик, каржылык чалгындоо, каржы полициясы боюнча агенттик, башкы прокуратура, БШК, Улуттук Илимдер академиясы, мамлекеттик кызмат боюнча агенттик, коррупцияны алдын алуу боюнча агенттик, маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги, облустук администрация, иш башкармалыгы, улуттук гвардия, Мамлекеттик телерадиокомпания жана стратегиялык институт калып атат.

Бирок, кыйла депутаттар каржылык чалгындоо, каржы полициясы өңдүү мекемелердин президенттин көзөмөлүнө өтүшүн караманча колдобой жатышат. Депутат Темир Сариев мындай кадам аркылуу президент да өкмөт да Баш мыйзамды бузат дейт:

- Президенттин алдында бир да структура боло албайт. Улуттук агенттиктер болушу мүмкүн, мыйзамы менен. Мына социалдык фонд жөнүндө мыйзам бар. Ал кандай түзүлөт, башкарылат, акчалар кандай колдонулат, ким дайындайт, баары жазылган. Ушуга окшогон мыйзамы барлар калат. Анткени, эл аралык келишим менен маңзаттарга каршы күрөш боюнча, мамлекеттик кызмат жөнүндө агенттиктерди түзгөнбүз. Алардын өздөрүнүн мыйзамдары бар. Алар калышы керек. А калган финполиция, финразведка деген өкмөттүн астына кириши керек. Башкарганга жеңил болот кийин. Эки өкмөттү түзүп алып эмне кыласыңар. Президентке деле жеңил болот кийин. Президент деле эки жылдык тажрыйбадан кийин айтышы керек эле, кой Азим муну сен ал, керек болсо мен сен аркылуу башкарып алам деп.

Анткен менен талаш-тартыштын аягына парламент чыга алган жок. Эки күн ичинде элүүдөн ашык сунуш түшкөндүгүн эске алган комитет төрагасы Искак Масалиевдин макулдашуу комиссиясын түзүү демилгеси да колдоо таппай калды. Депутаттар жаңы долбоорду сындап, өз сунуштарын сессияда айтышканы менен, өкмөт курамын түзүүгө ашыкча киришип, милдетти алгылары келбей турушат. Президент менен өкмөт башчы каалап турган макулдашуу комиссиясынын түзүлбөй калышынын бир себеби катары байкоочулар ушуну белгилешүүдө.

Жаңы премьер министр Азим Исабековдун Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин бейшемби күнкү кеңейтилген жыйынындагы долбоорду кайра кайтарып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн эртеси парламенттин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков төгүнгө чыгарып, президент сунуштаган долбоор парламенттин кароосунда турганын билдирди.

Депутат Темир Сариев комитеттин кеңейтилген жыйынында жаңы премьер-министрди маселени салмактап, шашпай чечүүгө чакырды:

- Сиз шашпаңыз, көрдүңүзбү, көп ойлор дагы пайда болот экен. Эртең-бүрсүгүнү карап, дүйшөмбүдө киргизсеңиз. Сиз киргизип, анан палатадан кайра кайтарып жиберсе өзүңөрдүн эле аброюңарга шек кетет. Сынасыңар. Келбей жатып мыйзам кабыл албай койду деп айтылат. Андан көрө тактап, бышырып туруп, жок дегенде 45-50 депутаттын добушун топтоп келсеңер бул жерде тез өткөрүп, иштегениңерге да кийин жеңил болот.

Өкмөт түзүмүнө байланышкан маселенин туңгуюкка кептелишин премьер-министрдин чабалдыгы катары сыпаттаган саясатчылар да болууда. Бирок, мындай көз караштар көшөгө артында калып, азыр жаңы өкмөт башчынын мүмкүнчүлүгүнө байкоо жүргүзүлүүдө:

- Жаңы эле келген премьер-министрди дароо эле сындап баштаган туура эмес, этикага туура келбейт. Аракетин кылып көрсүн…

Төрага орун басары Тайырбек Сарпашевдин көз карашында, эки күн катары менен болгон кеп-кеңеш өкмөттүн түзүмүнө байланышкан бир топ талылуу маселелерди чечкенге жардам берди, тараптар жетимиш пайызга чейин макулдашууга келишти.

Парламенттеги башкы комитеттин төрагасы Искак Масалиев болсо ар кандай саясий кызыкчылыктар ойноп жатканына карабастан, маселенин учугу дүйшөмбү күнү чыгып калат деген ишенимде турат:

- Кээ бир депутаттар саясий кызыкчылыктар бар деп айтпадыбы. Премьер жалгыз мыйзамдуу болсун, калган министрлер милдетин аткаруучу болуп күзгө чейин иштей берсин деген. Ал да саясий максат. Бул жерде ар кыл пикирлер бар. Бирок, дүйшөмбү күнгө чейин өкмөт иштейт. Ар кыл депутаттар менен сүйлөшөт. Балким дүйшөмбүдө добуш берүү менен чечилип калат.

Ошентип, парламент макулдашуу комиссиясын түзө албай койгон соң, дүйшөмбү күнгө чейин бул маселеден окчундай турууну эп көрүп, талкууну убактылуу токтотуп койду. Бул аралыкта айрым талдоочулар арасында эки күнкү сын-сунуштардын негизинде премьер-министр өкмөттүн жаңы түзүмүн кайрадан иштеп чыгып, президентке сунуш кылышы, президент өз кезегинде аны парламентке бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Бирок, жума күндүн этегине чейин парламенттин сынына кабылган өкмөт түзүмү жөнүндөгү 30-январдагы долбоорду кайтаруу же талкууну улантуу боюнча президент Курманбек Бакиевдин көз карашы ачыкталган жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG