Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Кыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдү


"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 11,03 млрд метр кубду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Өкмөт эксперттер суунун агымына карата көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук жлектр борборунда (ЖЭБ) 250,4 миң тонна көмүрдүн, 3,9 миң тонна мазуттун калдыгы бар. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтерине 27,5 миң тонна мазут керектелет.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергия керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам Кыргызстан жыл сайын 3 млрд кВт/сааттан ашык электр жарыгын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан сатып алат. Быйыл канча көлөмдү жана кайсы өлкөлөрдөн импорт кылары айтыла элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG