Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иштер аяктап калганын билдирди. Бул тууралуу президент “Нарын” жана “Казарман” аймактык аэропортунун оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарада айтты.
Жапаровдун айтымында, Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин делегациясы 7-октябрда Брюсселге барып сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, андан соң декабрда акыркы аудит болот.
Ошондой эле президент 20-августта Кытай менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу 30-октябрда иштей баштарын кошумчалады.
Европа Биримдиги Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигин баш кылып, авиакомпаниялардын бардыгына мыйзамдык базасы жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптары эл аралык стандартка дал келбейт деген негизде өз аймагында учуусуна 2006-жылы тыюу салган. Андан бери кыргыз бийлиги аракет көрүлүп жатат дегени менен Кыргызстан жети жылдан бери “кара тизмеден” чыга албай келет. Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган.
Шерине