Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

УКРАИН ПРЕМЬЕРИ СОЧИДЕ ОРУС БИЙЛИГИ МЕНЕН ГАЗ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШӨТ


Украинанын жаңы премьер-министри Виктор Янукович бүгүн Орусиянын Сочи шаарына келмекчи. Украинанын Жогорку Радасы – парламенти анын бул кызматты аркалосуна макул болуп добуш бергенден кийин Янукович алгачкы ирет Орусияга сапарга аттанып жатат. Сочиде ал Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Фрадков менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн башкы өңүтү Украинаны орус газы менен камсыз кылуу маселеси болоору алдын-ала белгилүү.

Үстүбүздөгү жылдын башында, орустар украиндерге газ жиберүүнү убактылуу токтоткондон соң жетишилген газ келишими алигиче Украинада талаш-тартыш жаратып келет.

Келишимге ылайык, расмий Киев орус газын ар бир миң куб метрин 50 доллардан эмес, 95 долларга сатып алууга макул болгон. Бул келишимди мурдагы премьер Юлия Тимошенко жана башка жергиликтүү саясатчылар кескин сынга алып, аны өзгөртүүгө чакырып келгени маалым.

Маселен, келишимде өтө терең нааразылыкты жана талаш-тартышты жараткан эки жагдай бар.

Биринчиден, келишимде Украина импорттой турган орус газынын баасы 2006-жылдын биринчи жарымы үчүн гана такталган. Ошол эле учурда, Европага Украина аркылуу ташылчу газдын тарифи алдыдагы беш жыл үчүн туруктуу деп кабыл алынган.

Экинчиден, келишимди жүзөгө ашыруу үчүн бир компания түшүнүксүз шарттарда далдалдыкка чакырылган. «РосУкрЭнерго» деп аталган жана кеңсеси Швейцарияда жайгашкан бул компания, келишимге ылайык, Украинаны газ менен жабдуу тармагында монополист болуп калган.

Орто жолдон эле бул компания мурдагыдан алда канча кымбатка - ар бир миң куб метри 230 долларга бааланган орус газын андан кыйла арзан турган түркмөн газына кошуп, алардын кошулмасын украиндерге миң куб метрине 95 доллардан кылып сунуштайт.

Бул сырдуу «РосУкрЭнерго» компаниясынын баалуу кагаздарынын жарымынын кожоюну орусиялык «Газпром» компаниясы экендиги, калган жарым бөлүгү украиналык эки ишкердин энчисинде экендиги быйыл апрелде гана айкын болду.

Деги, эмне үчүн газ келишимине бул «РосУкрЭнерго» компаниясы орто жолдон далдал катары кыпчылууга тийиш? Бул суроого расмий Киев да, Кремль да таасын жооп бере элек.

14-августта украин премьери Виктор Янукович журналисттер менен жолугушуусу маалында үстүбүздөгү жылы орус-украин газ келишими кандай түзүлгөн болсо, ошондой кала берээрин баса белгиледи:

- Биз 2006-жылдын ичинде эч нерсени өзгөртпөйбүз. Эгерде баага өзгөртүү киргизүү керек болсо, мен мында бааны азайтуу жаатын айтып жатам, анда биз, албетте, ага барабыз. Эмнеге жетишээр экенбиз, бара көрөлү. 2007-жыл тууралуу сөз кылчу болсок, биз ачык-айкын система түзөбүз да, Украинанын газ базары жаатында иштей турган система жөнүндө эл аралык коомчулукту да, украин коомчулугун да маалымдап турабыз.

Украин өкмөтү 2007-жылы орус газынын наркы кандайча аныкталаары тууралуу азырынча алдын-ала жоромолдой албасы да түшүнүктүү.

Түркмөндөр Газпромго сатып жаткан газдын баасын жакынкы болочокто миң куб метрине 65 доллардан 100 долларга чыгарууну каалаарын ишаара кылды, Газпром да украиндерге келээрки жылы газ баасы саал көтөрүлөөрүн эскертти.

Дегиңкиси, Кремль үчүн, бир жагынан, бир кезде - президенттикке талапкер кезинде, Кремль өзү колдогон киши – Виктор Януковичтин украин өкмөт башчылыгына келгени жагымдуу иш болду.

Бирок, экинчиден, жаңы кырдаалда Виктор Янукович газ баасын кескин кымбаттатпоо үчүн жана, анын өз сөзү менен алганда, Украинадагы газ системасына Украинанын өзү кожоюн бойдон калуусу үчүн бар аргасын жасоого умтулмакчы. Демек, ал газ маселесинде Орусияга кыр көрсөтүүгө аргасыз болоору күтүлөт.

Деги, Сочиден Янукович кандай көлөмдөгү куржун менен кайтаар экен? Кремль эми аны мындан ары да колдой турганын канчалык деңгээлде ишаара кылаар экен?

XS
SM
MD
LG