Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

“CЕНТЕРРА ГОЛД» КОМПАНИЯСЫ 45 МИЛЛИОН ЖЕР САЛЫГЫН ТӨЛӨӨГӨ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ


Улан Алымкул уулу, Прага Баш калаанын район аралык экономикалык соту “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Сентерра голд” компаниясын 45 миллион сомдун тегерегиндеги жер салыгын төлөп берүүгө кечээ экинчи ирет милдеттендирген чечим чыгарды. Алгачкы чечим ушул жылдын февраль айында чыккан эле, бирок компания айрым маселелер такталганча сот чечимин аткарууну токтото туруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган болчу. Аталган маселенин сотко жетишине демилгечилердин бири болгон Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков маек "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

-Бишкектин экономикалык иштери боюнча райондор аралык сотунун кечээки бүтүмүн эми акыркы аткарыла турган чечим деп айтсак болобу?

-“Кумтөр” компаниясы мыйзамды аткарбай дагы аракет кыла баштады. Кечээ сотко өзүлөрү келип да койгон жок. Ушуну менен бул сот үчүнчү жолу болду. “Кумтөр” компаниясы убакытты атайын созуп жатат. Берген мөөнөтүн биз карап арыз бериш керек элек деп жазган болчу. Негизи маалымдама өткөн жылдын 7-декабрында берилген. Мыйзамдын чегинде карасак салык кодекси боюнча бир айдын ичинде булар арыз бериш керек болчу жогорку салык органга. Андай болгон эмес. Булар февралда араң кайрылган. Ушуга байланыштуу февралдын он алтысында экономикалык сот бул ишти карап, 47 миллион 591 миң сом төлөсүн деп милдеттендирген “Кумтөр” компаниясын. Ушул эле маалда “Кумтөр” компаниясы бардык апелляциялык мөөнөттү бир айдын ичинде бериш керек эле. Өткөрүп жиберишкен жана мамлекеттик пошлинаны төлөбөй шаардык сотко кайрылганда ал албай койгон. Экономикалык сот чечими күчүнө кирген дагы, булар аны аткарыш керек болчу. Анан аткаруу баракчасын алып, (эки счету бар эле) арест коюлганда, булар башкача жолдор менен кандайдыр бир башкача сүйлөшүүлөр жүргүзгөнбү, Токтомушев аттуу сот ошол эле экономикалык соттун төрайымы чыгарган чечимин бул маалымдаманы туура эмес дегендей маани менен карабай туруп, токтотуп салган. Токтотулган материалдарын дагы салык инспекциясына кеч берген. Биз шаардык сотко берүүгө мажбур болгонбуз. Шаардык сот Токтомушевдин ишин туура эмес деп тапты. “Кумтөр” компаниясы дагы Жогорку сотко кайрылды. Алар дагы Токтомушев караган соттун чечими туура эмес деп таап, ошол эле маалда кайра экономикалык соттон кечээ кайра Токтомушевдин иши каралып, туура эмес деп табылды.

-Кубанычбек мырза, алдыда кандай жылчыктар бар, соттун чечимин териштирүүнү улантууга?

- Булар 17синде бердик дейт. Бүгүн, эртең каралат дейт. Эмне үчүн Жогорку Сот эс алууда жүрсө дагы бүгүн, эртең кайра каралышы керек экен. Эмне Кумтөрдүкүн өрт чыгып жаткандай сот карашы керек дегендей сөздөр болуп жатат. Анын үстүнө булар 13-жылдан бери мыйзамсыз жер салыгын төлөбөй келишкен. Мыйзам боюнча жер салыгы төлөнбөсө булардын иштеп жатышы мыйзамсыз деп эсептелет. Анын үстүнө “Кумтөр” компаниясынын келишими Жогорку Кеңештен ратификация боло элек. Демек, булардын иштегени мыйзамсыз. Анын үстүнө кошумча алтын кени дагы табылды. Ал кен боюнча өзүнчө келишим түзүлүшү керек. Андай келишим жок. “Кумтөр” компаниясы мурунку келишим менен иштейбиз дейт. Мурунку келишимде 318 жарым тонна деп ачык көрсөтүлгөн.

-Кокус 45 миллион сом чын эле төлөнүп калса, Жетиөгүз району аны социалдык муктаждар үчүн жумшаган жатабы, сизге белгилүү болсо керек ошол чөлкөмдөн шайланган депутат катары?

-“Кумтөр” компаниясынын бир эле салыгы жер бөлүгүнүн 90 пайызы Жетиөгүз районунун салык инспекциясына түшөт, 10 пайызы республикалык бюджетке кетет. Эгер ошол 90 пайызы түшсө, бул 40 миллион сомдун аралыгындагы акча ошол социалдык экономикалык абалын оңдош үчүн компаниянын тегерегиндеги жайгашкан айылдарга жумшала турган нерсе. Мисалы, айыл чарба техникасы керек болуп турган чак. Элдин муктаждыгы аткарылат эле. Демек, бул “Кумтөр” компаниясындагы жергиликтүү эл менен түздөн-түз байланышы күчөп, ал компанияга дагы жакшы ой-пикирлер пайда болот эле. Анан мына мурунку жапа чеккендердин компенсациясын эмнегедир өкмөт төлөп жатат. Мурунку вице-премьер министр Борис Силаев мырза ошондой тынчтык келишимин түзүп коюптур. Ал дагы мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул компания тарабынан ратификация, жер салыгы, экологиялык абал жана башкалар тууралуу мыйзам бузуулар болуп жатат. Жакында парламентте бул маселелерди каралат.

XS
SM
MD
LG