Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Орусия Украинага абадан жапырт чабуул койду, ондогон киши мерт болду


Запорожьеде Орусиянын аба чабуулунан кийинки жагдай. 9-сентябрь, 2025-жыл.
Запорожьеде Орусиянын аба чабуулунан кийинки жагдай. 9-сентябрь, 2025-жыл.

9-сентябрда Донецк облусундагы Ярова кыштагын бомбалоодон 20дан ашуун киши мерт болгонун украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бомбалардын бири улгайган адамдарга пенсия таратылып жаткан жерге түшкөнү айтылды.

Шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирди. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку болгонун, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашты.

Донецк облусундагы аба чабуулунан алты киши мерт кеткенин, ондогон турак жай, анын ичинде мектеп талкаланганын жергиликтүү жетекчилер маалымдашты.

Орусия тарапта Сочи шаарында автомобилге тийген дрондун сыныктарынан анын айдоочусу каза болду. Москва шейшембиге караган түнү Украинанын 34 дрону асманда жок кылынганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG