Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстан мектеп курууга Сауд өнүктүрүү фондунан насыя алат


Арстанбап айылындагы №19 орто мектептин кошумча имараты. Мектепти Орусияда иштеген мигрант куруп берген. 18-сентябрь, 2024-жыл.
Арстанбап айылындагы №19 орто мектептин кошумча имараты. Мектепти Орусияда иштеген мигрант куруп берген. 18-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстан "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 187 млн 500 миң сауд риалын же 50 млн АКШ доллар насыя алат. Анын мөөнөтү 25 жыл, 5 жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелет жана жылдык пайыздык чени 1,5% түзөт. Бул тууралуу бүгүн 9-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Каражат Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана жети мектепке кошумча окуу корпусун курууга, ошондой эле Чүй облусунда 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталган эки жаңы мектептин курулушуна жумшалат.

Бул күнү Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу" - "Фаза-2" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорун карап, жактырды.

Жыйында маалым болгондой, "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун биринчи этабында өлкө аймагында жалпы суммасы 30 млн долларды түзгөн 30 билим берүү мекемеси курулду.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2394 мектеп бар, анын 2170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 млн ашуун окуучу билим алат.

Ири шаарлардагы мектептерде орун жок, бир партада үчтөн, төрттөн бала отурганын айтып айрым ата-энелер нааразылыгын билдирип келишет. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG