Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Ысманов Энергетика министрлиги АЭС куруу боюнча сунуш берерин айтты


Атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында депутат Марат Мураталиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Эмилбек Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын, бул олуттуу маселе болгондуктан министрлик жакында сунуш берерин кошумчалады.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Былтыр май айында орусиялык “Прайм” басылмасы “Росатомдун” курамына кирген “Атомэнергопром” ишканасынын жылдык отчётуна таянып “Росатом” корпорациясы Кыргызстанда жана Мьянмада курууну пландап жаткан чакан атомдук электр станциялардын баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганын жазган.

Энергетика министринин мурдагы орун басары Талайбек Байгазиев 2024-жылы 25-мартта Орусияда өткөн “Атомэкспо” форумунда Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча “Росатом” менен келишим түзүү алдында турганын билдирген. Ал үчүн корпорацияга караштуу “Новавинд” деп аталган компания менен инвестициялык кызматташуу башталышы мүмкүн экенин айткан.

Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Былтыр октябрда Казакстанда АЭС курууга байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка ылайык, анда добуш бергендердин 71% мындай сунушту колдогон. Казакстандагы биринчи АЭСти орусиялык “Росатом” ишканасы, ал эми экинчи жана үчүнчүсүн Кытай курат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG