Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ АЛТЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАБЫЛ АЛДЫ


21-ноябрь күнү бир жумалык тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш кайрадан кезектеги отурумун баштады. Отурумда Жарандык кодекстин айрым бир беренелерине, Жер жана айыл чарба кодекстерине өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелер каралып, депутаттар тарабынан 6 мыйзам долбоору кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы отурумуна 51 депутат катышты. Алар социалдык фонддун ишмердүүлүгү, согуштун жана тылдын ардагерлери, Жарандык жана Жер кодекстери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 6 мыйзамды кабыл алышты.

Депутаттардын бүйүрүн кызытып, көп талаш-тартыштарды туудурган Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселе болду. Бул мыйзамдын доолбору архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбеков тарабынан сунушталды. Эл өкүлдөрүнүн кызыгуусун жараткан бул мыйзамдын долбоорунда мурдагы генплан, курулуш ишкердүүлүгү сыяктуу түшүнүктөргө «укуктук аймакташтыруу» деген жаңы түшүнүк кошулуп, киргизилген. Ишенбай Кадырбековдун айтымында, аймакташтыруу системасы курулуш иштеринин башаламандыгын Кыргызстандын дээрлик бардык жерлеринде токтотууга шарт түзөт:

- Буга чейин курулуш түшө турган жерди жөн эле бере берчү. Ошондуктан ар ким өз билгенин жасап, парктарга май куюучу станцияларды, кафелерди куруп салышкан. «Укуктук аймакташтыруу» системасы мунун баарына чекит коет, ошондуктан мындай юридикалык документ биз үчүн зарыл.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия төрагасынын берген маалыматы боюнча, 1990-жылдан тарта үй куруу үчүн берилген жерлердин баары мыйзамсыз болуп саналат. Ошондой эле жалпы архитектура жана курулуш тармагындагы баш-аламандыктан улам, Кыргызстандагы айыл-кыштактардын 70 пайызында генпланы жок, чек аралары белгисиз бойдон калган. Анын айтымында, учурдагы жер талаш, жер басып алуу сыяктуу көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептери да ушундан болуп жатат.

Депутат Темир Сариев Бишкек шаарынын генпланы тууралуу сурап, шаарды туурасына эмес, бийиктигине карата өстүрсөк жакшы болор эле, деген сунушун айтты. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбековдун берген жообу боюнча, Бишкек шаарынын генпланы 500 миң кишиге эсептелип, 25 жылдык мөөнөт менен 1975-жылы түзүлгөн. Андан бери бир да жаңылануу болгон эмес. Ал эми 2000-жылы борбор шаарда жашаган калктын саны 1 млн. дон ашкан. Ошондуктан шаардын ушул таптагы абалы талапка жооп бербейт. Ишенбай Кадырбековдун айтымында, учурда бардык шаарларда жана райондордо так ушундай көрүнүш. Мындай баш-аламандыктар негизинен жергиликтүү бийлик ээлеринин күнөөсү менен түзүлгөн.

Укуктук аймакташтыруу системасы Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү деген депутат Мамытбай Салымбеков кесиптештерин аталган мыйзам долбоорун колдоп коюуга чакырды:

- Бул мыйзам белгилүү бир аймакка белгилүү бир курулуштардын гана түшүүсүн көзөмөлдөйт жана камсыздайт. Кыргызстандын келечеги үчүн бул зарыл документ. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, Жер кодексине өзгөртүүнү киргизүүнү колдоп койсоңуздар.

Депутаттар кесиптешинин сунушун дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Бирок айыл чарба продукцияларын дыйкандардан сатып алуу боюнча айыл жана суу чарба министрлигинин даярдап келген мыйзам долбоору эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапкан жок. Депутат Марат Султановдун сөзү боюнча, дыйкандардан түшүмдү сатып алган учурда ага мамлекет кепил болору тууралуу беренени мыйзамдан алып салуу туура эмес:

- Бул мыйзамдын 7-беренесинде мамлекет айыл чарба продукцияларын дыйкандардан сатып алса, сөзсүз төлөп берүүгө жана ар бир кечиктирген күнү үчүн тиешелүү пайызын төлөп берүүгө кепилдик бере тургандыгы жөнүндө жазылган эле. Өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзамда аны алып салышыптыр. Бул туура эмес. Эгер өкмөт дыйканга чын эле жардам бергиси келсе, кепилдигин алууга тийиш. Дыйканга толук акчасын берүүсү керек. Эгерде бул берене алынып калса, дыйкандарга бөлүнгөн акча да жетпей калуусу мүмкүн.

Жогорку Кеңеш ишин 22-ноябрда улантат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG