Парламенттик шайлоодо башкы күрөш бул ирет – Шрөдердин социал-демократтары менен Анжела Меркелдин чордончул-оңчул христиан-демократтары ортосунда жүрүп жатат. Жума күнү Берлиндин көчөлөрүндө бул эки саясий кыймылдын өкүлдөрү бири-бирине тушташ аянттарда эл менен соңку жолугушууларын өткөрүп, атаандаштардын кайрылуулары айкалыша жаңырып турганы кабарланууда.
Алдын-ала сурамжылоолор Анжела Меркелдин христиан-демократтары бир аз алдыда баратканын көрсөтүүдө, бирок алар аз гана артыкчылык менен жеңсе өкмөт курай турган көпчүлүккө ээ болбой калышы да ажеп эмес. Бирок Меркелдин экономикалык программасы эксперттер тарабынан кескин сынга кабылып, соңку күндөрү Шрөдердин социал-демократтары атаандаштарын дээрлик кубалап жетип калганы кабарланууда. Атүгүл социал-демократтар “Эркин демократтар” партиясын өз тарабына өткөрө алса, жеңиш камсыздалып калат деген жоромолдор да айтылууда.
Меркел айым соңку жолугушууларда экономикалык кырдаалга басым жасап жатат. Германия – экономикалык жактан Европадагы эң күчтүү өлкө саналганы менен, соңку беш жыл ичинде өсүш кыйла пастап, жумушсуздук көбөйгөн.
- Ооба, Шрөдер мырза Германияны узун-туурасынан кыдырып, өзү бийликте турган жети жыл – абдан жемиштүү мезгил болгонун айтып жатат. Чындыгын айтканда, көпчүлүк кишилер бул сөздөрдү апыртма кеп катары эле кабыл алууда, - деп чабуул коет социал-демократтардын лидерине Меркел айым.
Шрөдер экономикалык каатчылыкты моюнга алып, баарын алдыга жылдыра турган реформалар жасоону убада кылат.
- Мен бул экономикалык дымыгууну бир жакшы көрүнүш катары актап-жактабайм. Мындай ой кайдан келсин? Бирок буга чейин эч ким батынбай, биз азыр аркалап жаткан чечкиндүү реформалар натыйжасын бере баштаганын ким тана алат?
Жалпысынан алганда, социал-демократтар менен христиан-демократтардын экономикалык программалары үндөшүп кетет, бирок айрым маселелерде алар бири-бирин катуу сындап, келечекте коалицияга биригүү мүмкүн эмес дегендей маанайда күрөшүп жатышат. Тышкы саясаттагы башкы тирешүү – Түркиянын Евробиримдикке кошулуу маселеси. Шрөдер – Түркияны кабыл алуу керек, бул европалыктар үчүн өтө маанилүү маселе десе, Меркел айым куру убада бергенден көрө азырынча бул маселе ишке ашпай турганын ачык айткан оң деген пикирде.
Германия-АКШ мамилелери Шрөдер Ирактагы согушту колдобой койгонунан улам солгундай түшкөн. Ырасмий Вашингтон Германиядагы шайлоого бейтарап мамиле жасоого аракет кылганы менен, президент Буштун айрым жардамчылары Германиянын канцлери болуп алгачкы ирет айым дайындалышын кубаттайт элек, деп комментарийлеп жиберишти.