Конгрессмен Крис Смит АКШ Кыргызстандай өлкөдө реформаларды ыкчамдатууга, ал эми Өзбекстанда кырдаалдын мындан ары начарлашын токтотууга көңүл бурушу керек деп эсептейт. Жакында ал сунуш кылган документ «Борбор Азиядагы Демократия жана Адам укуктары акты» деп аталат. Анын өзөгү – АКШ өкмөтү чөлкөмдөгү өлкөлөргө аскердик, экономикалык жардам көрсөтүү алдында ал жерде демократиялаштыруу жана адам укуктарын урматтоо жаатында жылыш бар экенине ынанышы керектигинде жатат.
- Бизди бирден бир тынчсыздандырганы, Өзбекстан өңдүү өлкөлөргө террорго каршы күрөштөгү өнөктөштүгү үчүн колдоо билдирүү менен биз ал жерде адам укуктары саясаты бир аз болсо да колго алынганына ишенгибиз келет. Мындан 20, 30, 40 жыл мурда биз менен иштегиси келгендин баарына кучак жая берип, өз элин эзип-кыйнаган диктаторлор менен байланышта болгон катачылыктарды эми кайталабашыбыз керек, - дейт документтин автору Смит мырза.
«Борбор Азиядагы Демократия жана Адам укуктары акты» деп аталган документте эң башкысы беш маселеге – демократиялаштыруу, сөз эркиндиги, диний ишеним эркиндиги, кыйноолорду токтотуу жана мыйзам үстөмдүгүнө басым жасалган. Ага ылайык, дал ушул жаатта көзгө көрүнөөрлүк жылыш жасабаган өлкөлөргө көрсөтүлчү америкалык жардам 33 пайызга кыскартылат. Эгерде 3 жыл бою эч кандай өнүгүү байкалбаса, жардам көрсөтүү толугу менен токтотулат. Айтмакчы, АКШнын келээрки жылкы бюджетинде Борбор Азиядагы беш өлкөгө 188 млн. долларлык жардам берүү каралган.
Буга чейин конгрессмен Крис Смиттин демөөрчүлүгү алдында даярдалган «Беларустагы Демократия акты» деген документке өткөн күздө президент Буш кол койгон. Анда Вашингтон Беларуста демократия үчүн күрөш жүргүзгөн саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдарга жардам көрсөтөөрү камтылган. Борбор Азияга келгенде, Смит мырза чөлкөмгө таасирин арткан Орусия менен Кытай Батыштык адам укуктарын коргоо уюмдарынын ал жердеги ишмердүүлүгүн сынга алып, аны өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалап келатканына көңүл бурат. Бул эми – мурдагы советтик жетекчилик жана Түштүк Африканын мурдагы апартеиддик режими колдонуп келген эски саясат, - деп кошумчалайт конгрессмен.
- Бул эми эл аралык коомчулук таанып кабыл алган адам укуктары. Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баары Адам укуктары боюнча Жалпы декларацияга жана андан башка жарандардын укуктарын кепилдеген документтерге кол коюшкан. Ошондуктан бул эми эл аралык мыйзам болуп калды жана баарыбыз аны таанууга милдеттүүбүз.
Крис Смит мырза маегинин аягында документ Борбор Азияда демократия жана көз карандысыз сот бийлигин заматта орното албаарын белгилеп, ошентсе да АКШ бул багытта келечекте жемиш бере турган үрөн ташташы керек деген пикирин айтат. Ал башка өлкөлөргө карата АКШнын айрым санкциялар, чектөөлөр киргизүү саясаты акырындап ал жерде демократиянын өнүгүүсүнө алып келгенин мисалга келтирет.
Конгрессмен Смит сунуш кылган «Борбор Азиядагы Демократия жана Адам укуктары акты» Конгрессте сентябрь айында каралаары күтүлүүдө.