Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:46

ЭОК ТӨРАГАСЫ: ОЛИМПИАДА МЫКТЫ УЮШТУРУЛДУ


Эми Афина шаарында кечээ соңуна чыккан Олимпиада спорт салтанаты тууралуу азыноолак сөз кылалы. 13-августтан бери бүт дүйнө жүзүнүн көңүл чордонунда болгон бул спорт майрамы, Эл аралык олимпиадалык комитеттин төрагасы Жак Роггенин оюнча, гректер тарабынан өтө мыкты уюштурулду. Ал адам укуктары маселесине да кайрылды. Ал эми 2008-жылы Бээжинде өтө турган Олимпиадага чейинки аралыкта бул эл аралык спорттук мелдештин тизмесине чукул өзгөртүү киргизилбейт.

Чынында да, Эл аралык олимпиадалык комитеттин төрагасы Жак Рогге Афинадагы олимпиялык оюндарды мыкты өттү деп санайт. Анын оюнча, 3 миллиондон ашуун белеттин сатылышы эле бул 10 миллиондуу калкы бар Грекия үчүн чоң жетишкендик болду. 2001-жылкы 11-сентябрдагы каргашалуу окуялардын ачуу сабактарын эске алып, оюн ээлери коопсуздук чараларына да кылдат мамиле кылышты, дейт Рогге.

Ал эми «Эркин Азия» үналгысынын кабарчысынын «2008-жылы Бээжинде өтө турган Олимпиада маалында Кытайдын расмий бийлигинин адам укуктарын кадырлоого карата мамилеси кандай болушу мүмкүн?» деген суроосуна Жак Рогге мырза мындайча жооп узатты:

- Биз бул жаатта оюбузду таасын билдирдик. Мен Кытай жетекчилигине Эл аралык олимиадалык комитеттин адам укуктары толук бойдон кадырланышы керек деген турумун таасын айттым. Кытай жетекчилери бул Олимпиада оюндары өздөрүнүн коомун өзгөртө тургандыгын мойнуна алышты.

Рогге мырзанын сөзүнө караганда, Эл аралык олимпиадалык комитет – адам укуктарын коргоочу атайын уюм эмес, бирок спорттук уюм катары адам укуктарын бекемдөөгө салым кошот.

Афинадагы оюндар соңуна чыгып жатканда кызыгуу туудурган дагы бир маселе – болочокто олимпиадалык оюндардын тизмесинде кандай өзгөрүү болушу ыктымал? деген суроо болду. Деги, кээ бир оюндарды кыскартып, жаңы оюндарды олимпиадалык тизмеге киргизүү жараяны жакынкы жылдары улантылабы? Жак Роггенин жообу төмөнкүдөй болду:

- Менимче, алты-жети оюн түрү тизмеге жаңыдан киргизилип, башка алты-жетиси андан чыгарылып калса эле олуттуу төңкөрүш болуп кетпейт. Албетте, бул – кыска убакыт ичинде боло койбойт. Анткени, туруктуулукту сактоо үчүн жана атлеттерге зыян келтирбөө максатында, биз Бээжиндеги оюндарга чейин бардык олимпиадалык оюндар сакталып кала берет жана өзгөрүүлөр 2012-жылдан кийин гана киргизилет деп чечтик.

Он миңден ашуун спортсмен катышкан бул майрамда 22 киши кызытма (допинг) менен кармалды. Жалпысынан, оюнчулардын абсолюттук көпчүлүгү өздөрүнүн спорт алдындагы ыйык милдетине ак мамиле жасашты.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин жетекчилигинин айтымында, быйылкы Олимпиадада азиялык өлкөлөрдөн улам көбүрөөк жеңүүчүлөр чыкканы байкалды. Ал эми 2008-жылкы Бээжин Олимпиадасы, серепчилердин оюнча, бул жаңы көрүнүштүн тереңдешинин күбөсү болмокчу.

Айтмакчы, быйылкы Олимпиадага Кыргызстан 30 оюнчусун катыштырды. Пьер де Кубертендин Олимпиада оюндарын кайра жандандыруудагы башкы осуяттарынын бири – оюнга көбүрөөк кишини катыштыралы деген чакырык эмеспи. Медал ала албаса да, кыргыз оюнчулары массалык катышуусу менен бул эл аралык салтанатка өз салымын кошо алды десек болот.
XS
SM
MD
LG